Menu

“Республика” партиясы: “Өмүрбек Бабанов менен пландалган жолугушуулар өз убагында, мыйзамдын негизинде өтөт”

Бөлүшүү:

Президенттикке экс-кандидат болгон Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүн колдоп чыгып жаткан жаштарды, аксакалдарды да мамлекеттик коопсуз кызматынын жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү суракка алып, куугунтуктоосу күч алды. Бул тууралу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 11 апрелде Жалал-Абад шаарында өткөн пресс-конференцияда катышкан жаштарды, анын ичинде Айыке Шайымкулованы, Айбек Бегалиевди, Улук Шадыкановду жана Келдибек Жээнбековду бүгүн УКМК менен ИИМге өздөрү гана эмес, ата-энелери дагы чакыртылып, коркутууга дуушар болушкан. Талас шаарында өткөн пресс-конференциянын катышуучуларын, анын ичинде 80 жаштан ашкан аксакалды да областтын губернатору бирден чакыртып алып, “суракка” алган.

Өмүрбек Бабанов 13 апрелде саат 14:50дө учуп келем деп маалымат тараткандан кийин дал ушундай куугунтуктоо иштери күчөдү. Экс-талапкердин жакын тууганын да Каржы полициясы эки күндөн бери күбө катары суракка алууда. Аны менен бирге Бишкек, Талас жана Каракол шаарларында жергиликтүү бийлик Өмүрбек Бабанов менен жолугушуу өтө турган аянттарга уруксат бербей, сот аркылуу башка жайларга котортууда.

«Республика» саясий партиясы бийлик өкүлдөрүн мыйзамдуулукка чакырат. Мыйзамдын негизинде 13 апрелдин 14:00 саатында боло турган пландаштырылган жолугушуулар сөзсүз өтө турганын маалымдайт. Андыктан, Өмүрбек Бабанов менен жолугушууну каалаган тарапташтарды, бийлик өкүлдөрүн, депутаттарды, саясий жана коомдук ишмерлерди биримдик, адилеттик жана өнүгүү ураандарынын алдында өтчү дал ушул жолугушууга чакырабыз.

Айта кетчү жагдай, Бишкек шаарында өтө турган Өмүрбек Бабанов менен жолугушууда 10 миң катышуучулардын жана шаардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча «Республика» партиясы менен Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгы ортосунда меморандумга кол коюлду. Андан тышкары, ар бир жолугушуу өтчү жайда коопсуздукту сактоо максатында ыктыярчылар тобу түзүлгөн, таштандыларды тазалоо кызматтары менен келишим түзүлгөн, жана концерттик программа белгилүү маданият чеберлеринин катышуусунда өтөт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: