Бүгүн, 13-апрелде Москва убактысы боюнча таңкы саат 07.00.дө бозгунда жүргөн саясатчы Өмүрбек Бабанов аэропорттон видеобилдирүү жасап, Кыргызстанга келе албай калганын билдирди.
“Менин Кыргызстанга келишимди пайдаланып калгысы келген үчүнчү күчтөр азыр чагым жасоого даярданып жатышкандыгы боюнча маалымат алдым. Ошондуктан мени тосуп алуу үчүн даярдалып жаткан салтанаттуу митингдер токтотулушун суранам. Мени колдоп чыгып, ошол чагымга алдырып бирөө жарымыңыздар жабыр тартып, мен үчүн зыян чегип калышыңыздарды каалаганым жок”, – деди Бабанов.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ