Menu

“Республика” саясый партиясынын Өмүрбек Бабанов тууралу билдирүүсү

Бөлүшүү:

Урматтуу Кыргызстандыктар,

Президенттикке экс-талапкер, мамлекеттик, саясий жана коомдук ишмер Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсүн жарыялаганынан кийин саясий абал курчуганына бардыгыбыз күбө болдук. Биримдик, адилеттик жана өнүгүү ураанын алдында биз уюштуруп баштаган коомдук жолугушуулардын тынчтык жана жаратмандык негизде болгонуна карабай кыйла көп тоскооолдуктар менен чагымдар башталды.

Апрель айынын 12синен 13үнө өткөн түнү  ар кыл кызыкдар тараптар чагым кылып, тополоң уюштурууга даярдык көрүп жаткандыктары тууралуу көптөгөн маалыматтар бизге келди. Бул чагымдар катышуучулардын жана элибиздин өмүрү менен коопсуздугуна коркунуч жаратып жаткандыгын бир топ булактар тастыктады, алардын ичинде укук коргоо органдары, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер да кайрылышты. Маалыматтардын бардыгын Өмүрбек Бабановго биз өткөрүп бердик, ал Москванын “Шереметьево” аба майданына келип калгандыгына карабастан, өзү жана тарапташтары үчүн эң оор жана татаал чечимди бүгүн кабыл алды.

Өмүрбек Бабанов, дагы бир жолу, биз менен узак талкуулоолордун негизинде бул абалдагы жалгыз туура чечимди кабыл алды. Өмүрбек Бабанов элибиз менен өлкөбүздүн биримдигин, тынчтыгын жана коопсуздугун өз кызыкчылыктарынан жогору койду. Андан соң, биз уюштуруп жаткан тынч митингдерге чыкпоого биз менен макул болду.

Урматтуу Кыргызстандыктар!

Өмүрбек Бабанов тарабынан 2010 жылы негизделген “Республика” саясий партиясы дайыма жаратмандык, биримдик жана мыйзамдуулук жолун тандап келген. Биздин лидердей эле болуп, биз дагы жарандарыбыздын эркиндигин, жашоосун жана кызыкчылыгын саясий максаттардан жогору коюп келебиз. Өмүрбек Бабановдун бүгүнкү учуусунан токтоткондугун колдойбуз. Бул чечимдин жеңил эмес болгондугун түшүнөбүз. Ошол эле учурда, кыргызстандыктарыбыздын эмоционалдык абалын да түшүнөбүз. Ушул окуяларга тарыхыбыз туура баа берет деп ишенебиз. Жакынкы арада Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келишин күтөбүз.

Ар дайым эркиндикти, адилеттикти, элибиздин биримдигин жана өнүгүү үмүтүн колдоп, коргоп келген көптөгөн тарапташтарыбызга ыраазычылык билдиргибиз келет!

Бийлик дагы, эч бир жыргалчылык дагы элибиздин биримдигинен, өлкөбүздүн туруктуулугу менен тынчтыгынан жогору турбайт!

Терең урматыбыз менен,

«Республика» саясий партиясы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: