Menu

Кыргыз элчиси Asiana airlines авиакомпаниясына Сеул-Бишкек каттамын ачууну сунуштады

Бөлүшүү:

10 апрелде Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Динара Кемелованын Asiana airlines авикомпаниясынын вице-президенти Ким Тэ Ёп мырза менен жолугушуусу болду.

Жолугушуу учурунда Элчи Кыргызстанга барган кореялык туристтердин саны жылдан жылга ɵсʏп жатканын кабарлады. Эки мамлекеттин ортосунда ɵзгɵчɵ ишкерлик жана туристтик багыттардагы кызыгуунун ɵсʏшʏн белгиледи. Келечекте Кыргызстанга Тʏштʏк Кореядан жана Тʏштʏк Чыгыш Азиядан келе турган туристтерди эске алып Бишкек менен Сеулду бириктирген тʏз аба каттамын ачуу орчундуу маселе экенин айтты. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосунда авиакаттам менен жʏк ташуу дагы ɵтɵ маанилʏʏ экенин белгиледи.

Вице-президент Ким Тэ Ёп кыргыз тараптын сунуштарын тʏз каттам ачуунун келечегин жана пайдалуулугун эске алып изилдей турганын билдирди.

Кыргызстандын жаратылышына суктанып, ошондой эле кыргыз элинин тарыхына болгон кызыгуусун билдирʏʏ менен туристтердин санын мындан ары дагы кɵбɵйтʏʏ керектигин айтты. Бул жагдай Кыргызстан менен Тʏштʏк Кореянын ортосундагы тʏз аба каттамды ачууга тʏрткʏ болорун белгиледи.

Жолугушуунун аягында Тараптар жогоруда айтылган маселелер боюнча суйлөшʏʏлɵрдʏ дагы улантууну макулдашышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: