Menu

2018-жылы ИДП өсүшү 3,5% жеткен

Бөлүшүү:

2018-жылы ИДП өсүшү 3,5% жеткен. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин парламенттик көпчүлүк коалициясынын жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү жөнүндө отчету каралып жаткан учурда билдирди.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, өсүш төмөнкү тармактар аркылуу камсыз кылынган: курулушта 7,8%, өнөр жайында 5,5%, айыл чарбасында 2,7%, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө 2,1% өсүш катталган.

«Тышкы карыздын үлүшү ИДПга карата 53,1%дан 48%га түшүрүлдү. Баса белгилей кетсек, макроэкономикалык туруктуулук биринчи жолу чет элдик жардамдардын же сырттан келген финансылык каражаттардын эсебинен эмес, өзүбүздүн колдо болгон бардык ресурстарды иштетүүнүн жана мамлекеттик ашыкча чыгымдарды кыскартуунун эсебинен жетишилген», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, тышкы соодада туруктуу тенденция сакталды.

«2018-жылы республика дүйнөнүн 143 өлкөсү менен соода-сатык мамилелерин жүргүздү, экспорт 93 өлкөгө чыкты. Тышкы соода жүгүртүү 6,7 млрд АКШ долларын түзүп, 6,6%га көбөйдү. Анын ичинде экспорт 1,8 млрд АКШ доллары, импорт 4,9 млрд АКШ долларын түздү. 2018-жылы өлкөдө 10 ири ишкана жана 250дөн ашык ар түрдүү тармактагы чакан жана орто ишканалар ишке киргизилди. Талдоолор көрсөткөндөй, импорттун структурасын негизинен экономиканын реалдуу сектору үчүн абдан керектүү болгон импорттук техникалар, жабдуулар түздү. Алар: бульдозер менен тракторлор, тигүү жана токардык станоктор, тигүү жана трикотаждык машиналар, трансформаторлор менен автопогрузчиктер, автокрандар менен лифттер», – деп белгиледи Өкмөт башчы.

Мухаммедкалый Абылгазиев кошумчалагандай, ЕАЭБ өлкөлөрүнө болгон экспорт 5%га өссө, импорт 4,7%га азайган.

Премьер-министрдин айтымында, чет элдик түз инвестициялардын келиши 570 млн АКШ долларын түзүп, инвестициялардын чыгып кетиши 27,7%га азайган.

«Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, инвестициялык климатты жакшыртуу максаттарында бир катар чаралар көрүлдү, анын ичинде: бизнес омбудсмен институту түзүлдү; ишкердик субъекттерди текшерүүгө 2 жылдык мораторий киргиздик; туруктуу өнүгүү долбоорлорун даярдоочу фонд түзүлдү; электромобилдер бажы алымдарынан бошотулду; машина-трактордук станциялар, соода-логистикалык борборлор, айыл чарба кооперативдери салыктын айрым түрлөрүнөн бошотулду», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 46 − 41 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: