Menu

ЖЭБдеги жемкорлук бонча соттук иштер уланууда

Бөлүшүү:

Жылуулук электр борборундагы аварияга байланыштуу айыпталган топтун иши Биринчи май райондук сотунда уланууда. 9-апрелдеги отурумда көрсөтмөлөрдүн баары бүтүп, судья Э.Каипов тергөө органдары жана прокуратура тарабынан даярдалган материалдар менен тааныштырды. Күбө катары чакырылбай, бирок тергөө учурунда көрсөтмө бергендердин сөздөрүн окуп берди. Маселен, цехтин башчысы М.Жаманкуловдун көрсөтмөсүндө: «26-январда таң эртең менен саат 7де мөөнөттү алмаштырып, аба ырайы суук болгондуктан мангал жагып жылытканга аракеттендик. Саат 18де бууказан турган цехтен звонок болуп, 3 щиттен кабар алыш керектигин, коргонуудан бууказандар өчкөнүн айтты. Мен кызматкер Жакыповду калтырып, ишти көзөмөлдөш үчүн бууказандарга чуркадым. 11-жана 10-бууказан өчүп, 12-бууказан кармалган. Андан ары бар-сам 14-жана 16-бууказан коргонуудан өзү өчүптур. Ал эми 15-жана 17-6ууказан суунун жетишсиздигинен улам кол менен өчүрүлгөн. Менин тапшырмам менен бууказандарга от жагуу башталды. Саат 22де 10-бууказанды иштеттик. 27-январда 16,14-бууказанды ишке киргиздик» деген. М.Жаманкулов Авария эмне себептен болгондугуна токтолуп: «Цех жылууланбагандыктан суук болгон. Ремонттук иштерди директордун орун басары Айтикеев алектенмек. Бирок эч кандай ремонттук иштер жүргөн эмес» деген. Мына ушундай көрсөтмөлөрдү окуган судья иштеги материалдар менен тааныштырып, жыйынтык сөздөргө жетти. Ал бейшемби күнү уланып, кийинки отурум шаршембиге белгиленди.

Жемкорлукка айыпталган А.Ибраимов менен К.Кулматовдун иши жылды

10-апрелде Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча сот отуруму уланып, адвокаттардын жоктугунан улам кайра кийинки жумага жылдырылды. Бул иште Ленин райондук соту өтө шалаакылык кылып жатат десек жаңылышпайбыз. Канчадан бери судья бөгөт чарасы сыяктуу уюштуруу иштерин карап, негизги ишти кароого өтөлек. Эгер мындай ташбака сындуу жүрө турган болсо, ишти кароо бир жылда дагы бүтүшү күмөн. Мындай резонанстуу иштер коомчулукту кыжаалат кылбай ыкчам каралып, чечим тез чыгышы керек. Анткени, Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов «баш калаада мектеп салууга жумшалган эки миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталса, Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган. Мунун жыйынтыгын коомчулук чыдамсыздык менен күтүүдө.

ЖЭБдеги коррупцияга шектелген Ж.Сатыбалдиев, С.Исаков, О.Артыкбаев, А.Калиев ж.б. айыбы угузулду

ЖЭБте модернизациялоодогу ири коррупция боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалып камакка алынган бир нече аткаминердин соттук иши 10-апрелде уланып, прокурорлор тарабынан айыбы угузулду. Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баштаган соттолуучулар күнөөнү мойнуна алган жок. Кызыгы, бул сапар жактоочулар айыпталуучулар темир тор артында отурганына нааразылык билдиришип, экс-чиновниктердин тор артында отурганын кыйноого тете көрүнүш катары баалап, адвокаттардын жанында отурушуна уруксат берүүнү өтүндү. Мамлекеттик айыптоочулар буга каршы болуп, соттолуучуларга оор кылмыш боюнча айып коюлуп жатканын эскертишти. Ал эми судья Инара Гилязетдинова муну эске алып, жактоочунун өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды. Эске салсак, буга чейин эксперттер тарабынан кытайлык компаниядан карызга алынган 385 миллион доллардын 111 миллионун сол чөнтөккө сологону аныкталган. Бул соттук иш да бир топтон бери созулуп келип араң башталды. Отурум келерки шейшембиде уланмакчы.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: