Menu

Алтын казуу үчүн Улан Рыскулов тарабынан “ит бекер” берилген лицензия Кытайда сатыкка чыкты

Бөлүшүү:

Коррупцияга каршы курөш кызуу уланып жатканы менен айрым бир элдин байлыгын оңду-солду чачкан айрым экс-жетекчилер мыйзам алкагында укуктук негизде тийиштүү жазасын албай, кызматынан гана четтеп жатканы коомчулукту бушайман кылууда.

Алсак, ушул жылдын башында Коопсуздук кеңешинде Президент Сооронбай Жээнбеков тоо-кен тармагы боюнча атайын жыйында жең ичинен «ит бекер» берилген лицензиялар боюнча кеңири айтып, кен-байлыктар жаатындагы чоң көйгөйдү көтөргөн эле. Логикага ылайык, тийиштүү органдар бир айдын ичинде иликтеп, күнөөлүүлөрдү аныктап, андан жыйынтык чыгарышы кажет болчу. Бирок, жемкорлорго тузак жайган түзүмдөр бир нече айдан бери эч бир кыймылга келбей, аракетин көрбөй шалдайып отурат. Маселен, жер-казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары болуп иштеп, андан кийин комитетти 2 жылга чукул убакыт башкарып, кыргыз өлкөсүнүн тоо-кен тармагын болушунча «майкандаган» Улан Рыскулов ээн-эркин эле жыргап жүрөт. Кызматтан кетүү менен гана «жазаланды» бул эргул. Рыскулов өзүм билемдик менен лицензия бергени көп айтылып келет. Бир эле мисалын айта кетсек, Улан Дуулатовичтин колу менен алтын казуу үчүн 2017-жылдын 7-июнь күнү «Аалам Компани» ЖЧКсына берилген № 000855 номерлүү лицензиясы учурда Кытайда сатылып жатканы боюнча маалымат келли. Бул жактан алтын казуу үчүн берилген лицензиянын Кытайда сатыкка чыгып отурганы кандай? Мыйзам бузуу эмеспи? Айтор, «устаттан шакирт өтөт» дегендей Рыскуловдун кылмышын иликтесе Зилалиевден кем чыкпайт. Тиешелүү органдар тыкыр иликтейт деген ишеничтебиз…

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: