Menu

Шанаңдаган Шамкеевдин калпычы казаны шарактап кайнаганда…

Бөлүшүү:

Уят деген болуш керек го, акыры. Бирок, бул чекти эбак тебелеп өтүп кеткендер арабызда жашап жатканы өкүндүрөт. Эсеби маселен, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев өткөн жумада президенттин кабыл алуусунда болду. Болушунча кагаз жүзүндө отчетту берди.

Отчету курусун, калпты катыра айтканда карап турган эл «неудобный» болуп кетти окшойт. Эмесе, Президентке кирген Шамкеевдин ток этээр сөзүн тыңдайлы: «2019-жылдын 1-апрелине карата 14 өнөктөш банктар аркылуу 4,6 млрд сомдон ашык 4080 насыя берилди. Натыйжада 16 миңге жакын жарандар турак-жай менен камсыз болушту. Бүгүнкү күндө пайыздык чен 7-9% чейин кыскартылган, 6 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча иштер жүрүүдө» – деди шанаңдаган Шамкеев. Кудайды карасаңыз, Бактыбек мырза! Элдин баарын өзүңүздөй 200 миң сом айлык алат деп ойлойсузбу? Сиздин жүйөөсүз калпыңызга жүйөөлүү жөнөкөй эле бир мисалды тарталы. Сиз жетектеген компанияга тиешелүү талаптарга ылайык бир үй-бүлөдө иштеген эки адамдын айлыгы 50 миң сом болбосо ипотека менен үй ала албайт. Муну тана албайсыз. Анан кантип 10 миң сом айлык менен иштеген мугалим үй алып атат? Же ипотекага үй алгандардын баары мамкызматкер эмес, бизнесмен, ишкер жана сиздин тууган-туушкан, жек-жааттарыңызбы?

Бул суроого ачык жооп бере аласызбы? Канча мугалим, канча милиция кызматкери, канча дарыгер, канча аскер кызматындагылар, же көчө шыпырып, пол жууп, бала-бакчада иштегендердин канчасы сиздин компания аркылуу үй алды? Сиз танбаңыз, Мамлекеттик ипотека берүүчү компания үйгө муктаждардын маселесин жеткиликтүү деңгээлди мындай коёлу, таптакыр эле чече албай келе жатканы жашыруун эмес. Анан отчетту асмандын канчанчы кабатынан алып, калптын канча казанына кайнатып туруп калкка жарыялап атасыз?

Нургазы Айтмырзаев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 − 74 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: