Алмазбек Атамбаев 7-апрелде каза болгон маркумдарды эскерүүдө өзүнүн кемчиликтерин жана учурдагы бийликке болгон адаттагы нааразычылыгын билдирди.
-Саламатсыздарбы урматтуу мекендештер! Өзүмдү апакай периштемин деп айта албаймын, бир топ күнөө кылганмын, калп айтпаймын. Элди алдаса болот. Менден мурункулар айткандай 5 маал намаз окуймун деп. Элден коркпой Кудайдан коркуш керек. Мен үчүн бул күн ыйык күн, 7-апрелди менин экинчи туулган күнүм катары көрөм. Мен камакта жатканда мылтыктын үнү угулганда “Кудайдан сурангам балдарды алып кетпей мени алып кет” деп. Мени кээ бирөөлөр ынтымакка чакырганда таң калам да. Мен өзүмдү ойлосом жыргап башка мамлекетке кетип калмакмын, чет өлкөлүк президенттер чакырат.
Мага Кудай байлыкты 30 жыл мурун берген. Бишкектеги тегерек четтеги заводдордун баарын сатып алгам керек болсо. Мага бийлик байлыктын кереги жок. Мага Кыргызстанда таза калыс бийлик болсун дейм. Азыркы бийлик 7-апрелде революциянын жыйынтыктарын уурдап кетпесин деп кайгырып жүрөм. Ошон үчүн жүрөм. Мага окшоп чындыкты айткыла. Кошой аксакалга окшоп айла жок күрөшкө чыгып атам. Мен жарашып алайын же кетип калайын. Муну менен бүтпөйт, деди Алмазбек Атамбаев. Баса, Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө, “30 жыл мурун бай болгом” деген пикирин билдирди. Сүрөттөргө көз чаптырсак. Сүрөттөр сүйлөсүн.
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ