Жарандык активист Роза Маманова Баткенге барганын айтып, аны укук коргоо органдары издеп жүрүшкөнүн айтып SМІ.КG редакциясына телефон чалды. Баткендин жарандык активисти шкафта бекинип отурганын айтып SМІ.КGнин редакциясына маалымат жөнөттү. Анын айтымында баткендиктердин чакыруусу менен 31-март күнү Баткен областынын айылдарына барган. «Баткендиктердин көпчүлүгү жаңы дайындалган губернатор Акрам Мадумаровко каршы.
Анткени ал мурун Кадамжай районунда аким болуп иштегенде кошуна өлкөлөргө тоо-таштарды мыйзамсыз саткан далилдер бар. Жергиликтүү эл укук коргоо органдарына кайрылганы менен жыйынтык чыккан эмес – деп билдирди Роза Маманова.
Жарандык активисттин айтымында аны Баткендик милиция жана УКМК кызматкерлери үймө-үй кыдырып тинтип журүшөт. Ак-Сай айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда милиция кызматкерлери аны издеп жүргөнүн уккан соң айылдыктар шкафка бекитип коюшкан. Кийинчерээк талаалар менен качып кеткенин Роза Маманова SМІ.КG сайтына билдирди. Окуяга SМІ.КG сайты көз салып турмакчы.
Булак: “Кабар Инфо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ