Menu

Башкы прокуратура Сапар Исаковдун билдирүүсүнө жооп кайтарды

Бөлүшүү:

Камакта жаткан Сапар Исаков 9-апрелде билдирүү таратып, ага каршы козголгон кылмыш иш саясий мүнөздө экенин белгилеген. Азыркы бийлик ага жана аны менен кошо камалып, шек саналып жаткан Ж.Сатыбалдиев, О. Артыкбаев, С.Авазов, А.Калиев, О.Лаврова ж.б. негизсиз күнөө коюп жатканын билдирген. Ага Башкы Прокуратура жооп кайтарды.

Исаков өзүнүн кайрылуусунда ага далилдүү коюлган айыптоону саясий өңүттөгү куугунтуктоо катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Ошону менен бирге, коомдук пикирди бурмалоого жана укук коргоо органдарынын кадыр-баркына шек келтирүүгө далаалат кылып, 2018-жылдын январь айындагы Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда орун алган ар башка коррупциялык фактыларды бир жазык иш катары көрсөткүсү келүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө, «Электр станциялары» ААКдан Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 2009-2010-жылдары ААК «Электр станциялары», Энергетика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги тарабынан техникалык тапшырма жана «Бишкек ТЭЦти модернизациялоо» долбоорунун суммасы 150 млн. долларды түзгөн утурлама техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалганын далилдей турган документтер (отурумдардын протоколдору, кат алышуулар, презентациялык долбоорлор) алынган.

Долбоорду каржылоочу булак катары Дүйнөлүк банк жана жарым-жартылай республикалык бюджет аныкталгандыктан, долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин «2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө» 2013-жылдын 21-январындагы №11 Жарлыгы менен бекитилген – документке киргизилип, аталган долбоорду ишке ашыруу баасы 150 000 000 (жуз элүү миллион) АКШ долларына бааланып 2014-2017-жылдарды долбоорду аяктоо мөөнөтү көрсөтүлгөн.

Бирок, андан кийин Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга кеткен чыгым 386 млн. АКШ доллары өсүп кеткен.

Кыргыз Республикасынын Президентинин ошол учурдагы администрациясынын өкүлү С.Исаковдун колдоосу жана басымы аркасында ТВЕАнын модернизациялоо жөнүндөгү сунушу кыска мөөнөттүн ичинде бардык процедуралык макулдашууларды өткөн.

Эгерде ТВЕА компаниясынын 2009-жылдагы Бишкек шаарынын ТЭЦти модернизациялоо долбоорун ишке ашыруу 200 млн. АКШ долларына сунуштоосу, «Электр станциялары» ААК тарабыны 150 млн. АКШ долларындагы баада аткарууга сунушталган альтернативалык долбоорго караганда кымбат экендиги белгиленип баш тартылгандыгын жана 386млн. АКШ долларынын ичинен бир дагы цент салык жана башка мамлекетке бюджетке төлөнүүчү төлөмдөр кошулбагандыгын эске алсак, эл аралык аудит жана экспертизасыз эле аткаруучу тарабынан модернизациялоонун баасы өтө эле жогору экендиги айдан ачык көрүнүп турат.

Соттук-курулуш жана техникалык комплекстик экспертизанын корутундусуна ылайык, С.Исаковдун, дагы башка кызмат адамдарынын жана айрым кызыктар тараптарынын коррупциялык иш-аракеттеринин натыйжасында, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына 5 439 527 482 (беш миллиард төрт жүз отуз тогуз миллион беш жүз жыйырма жети миң төрт жүз сексен эки) сом же болбосо 111 252 797 (жүз он бир миллион эки жүз элүү эки миң жети жүз токсон жети) АКШ долларындагы зыян келтирилген.

С.Исаковдун ТЭЦтин модернизацияланган бөлүгү ТЭЦтин техникалык каражаттарынын кыйрашынан жана шаардын элин сууктан сактап калды деген пикири жүйөөсүз. Жаңы энерблоктун кубаттуулугу 300 мегаватт жана саатына 300 Гкал жылуулук бере алат.

Ошол эле мезгилде, Бишкек ТЭЦи модернизациялоого чейин 666 мегаватт жана саатына 1443,9 Гкал жылуулук чыгарган.

Андыктан, жаңы энергоблок эч качан ТЭЦтин эски бөлүгү берген кубаттуулукту бере алмак эмес, жаңы энергоблок ТЭЦтин эски бөлүгү иштеп чыккан кубаттуулукка көмөкчү милдети гана аткаруу болгон.

Аварияга чейин жана андан кийин деле электроэнергияны жана жылуулукту иштеп чыгуу милдетин ТЭЦтин эски бөлүгү аткарып келет.

Жыл ичинде жаңы агрегаттар күз-кыш мезгилинен сырткары, 6 ай бою иштебей турат. Ал эми, жылуулук берүү мезгилинде бир энергоблок гана иштеп экинчиси резервде эле турат.

Чындыгында, ТЭЦтин тетиктери кандайдыр бир абалда эскирип бүткөн. Бирок, модернизацияланган бөлүк шаарды электроэнергия жана жылуулук менен камсыз кылуу милдетин аткара алат деген пикир чындыкка дал келбейт. Анткени, жогоруда айтылып өткөндөй ТЭЦти модернизациялоого чейин саатына 1443,9 Гкал иштеп чыкса, жаңы энергоблок саатына 300 Гкал гана иштеп чыгара алат.

Эски тетиктерди бузуп, модернизациялап жаңы тетиктерди коюдан электро энергияны иштеп чыгуу 146 мегаваттка көбөйсө, тескерисинче жылуулук иштеп чыгуу саатына 200 Гкал азайган.

Белгилеп кетүүчү жагдай, С.Исаков Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын кызматын ээлеп туруп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын башчысынын орун басары рангында, негизинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укуктарын узурпациялап, жалгыз өзү өтө кымбат турган улуттук долбоорлорду башкарып, мамлекетке миллиондогон зыяндарды келтирген.

С.Исаковдун жана башка кызмат адамдарынын коррупциялык иш-аракеттеринен жана II Бүткүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө Бактуу-Дөлөнөтү айылындагы ипподромду реконструкциялоо долбоорун ишке ашырууга тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнүн натыйжасында, мамлекетке жалпысынан 144 052 023,64 сом өлчөмүндө зыян келтирилген.

С.Исаковдун жогорудагыдай эле аракеттери Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоо долбоорунда да орун алып, мамлекетке 101 690 800 сом зыян келтирилген. Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча С.Исаков жана башка кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын ЖКнын 319-бер. 2-бөлүгү (Коррупция) менен Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөөчүлөр тарабынан айыптары угузулган.

Кыргыз Республикасынын Конституциянын 93-беренесинин талаптарына ылайык, сот адилеттигин сот гана ишке ашырат жана кылмыш жасагандыгы боюнча күнөөлүү же күнөөлүү эместиги жөнүндөгү чечимди сот гана кабыл ала алат. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тең укуктуулугунун негизинде жүзөгө ашырылат.

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: