Menu

Курманбек Осмонов, экс-депутат: “Алар колундагы май токочту алдыргылары келбей жатат”

Бөлүшүү:

Коалиция тараш керек, жок, тарабай эле ишин уланта берсе болот деген талаштуу маселе коомдо түгүл парламентте да чоң талкууга алына баштады. Партия экиге бөлүнүп, фракция ичинде да талаш-тартыш орун алып жаткан мезгилде КСДПнын коалициянын курамында турганы канчалык деңгээлде туура, ага мыйзам жол береби, депутаттардын койгон дооматы жөндүүбү деген суроолордун алкагында экс-депутат, экс-Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмоновду кепке тартып, кызыккан суроолорго жооп алууга аракет кылдык.

– Курманбек мырза, КСДП өзү экиге бөлүнүп жатканын мисалга алып, ал партиянын көпчүлүк коалиция башында турганга укугу жок, төрдү бошотуш керек деген депутаттар чекеден чыга баштады. Партия экиге бөлүнгөн учурда чындап эле коалиция тарашы керекпи же баштагыдай эле өз ишин уланта бергенге мыйзам жол береби?

– Парламенттин сыртындагы партия экиге бөлүнүп, анын кесепетинен фракция да ыдырады. Фракция ыдырагандан кийин КСДП коалициянын курамында болгону ал турсун көпчүлүк коалициянын башында турганы моралдык жактан да, саясий жактан да туура эмес. Бирок мыйзамдарда азыркыдай кырдаал жаралса, фракция бөлүнүп-жарылган мезгилде коалициядан чыгыш же чыкпаш керектиги каралбай калган. Ошон үчүн кайчы пикирлер жаралып жатат.

– Бирок КСДП коалициядан чыгыш керек деген дооматтар жөндүү элеби?

– Чынында ыдыраган фракцияны коалициядан чыккыла, силер өзүңөр ушундай кырдаалды түзүп койдуңар деген доомат орундуу жана саясий негизге жакыныраак болуп жатат. Ошон үчүн Исхак Масалиевдин КСДПга маселени кабыргасынан коюп, коалициядан чыгып, парламентте төр бошоткула дегени орундуу. Булардын койгон дооматы жөндүү.

– Бирок андай дооматтарды четке кагып, көпчүлүк коалициянын лидери Иса Өмүркулов коалициядан чыкпайбыз деген жообун берди го…

– Жогоруда айткандай, мындай жагдай мыйзамда каралбаганы үчүн Иса Өмүркуловдун айтканы да мыйзамга каршы келбейт. Бирок бул маселенин моралдык, саясий аспектиден алып караганда ырас, ушундай жагдай жаралдыбы, ал-бул деп отурбай КСДП коалициядан чыгып кетсе туура болмок.

– Алмамбет Шыкмаматов да: “Атамбаев парламентти, өкмөттү, президентти эртели-кеч катуу сындап жатса, анын фракциясы өкмөттү түзүп, аны көзөмөлдөгөнү туура эмес. КСДП саясий жоопкерчиликти мойнуна алып коалициядан чыгып кетсе туура болмок” – деди. Саясий кризисти жөнгө салыш үчүн сөзсүз өкмөт отставкага кетиши керекпи?

– Коалиция тарай турган болсо, өкмөт да жаңыланышы керек. Шыкмаматовдун да көтөргөн маселеси туура. Мурдагы президент менен азыркы президенттин тиреши албетте парламентке да, өкмөткө да таасирин тийгизип жатат. Коалицияны кайра түзүп, өкмөттү отставкага кетирсе да болот. Балким ошондо саясий кырдаал аз болсо да өзгөрөөр.

– Ушул эле коалиция дагы бир партияны курамына кошуп алса болобу? Ага мыйзам жол береби?

– “Өнүгүү-Прогрессти” же “Ата Мекенди” азыркы коалиция эч качан кошуп ала албайт. Ал мыйзамга эмес, логикага да туура келбей калат. Эгер КСДП коалициядан чыкса, анда ошол оппозициядагы эки фракция тең коалицияга кошулушу мүмкүн.

– КСДП неге оппозицияда калгандан коркуп жатат? Алар оппозициялык көз караштагы фракция болсо кадырына доо кетеби?

– Образдуу айтканда, алар колундагы май токочту алдыргылары келбей жатат. Антип ар кайсыны айтып кетенчиктей бербей, саясатта деле күжүрмөн болушу керек. Коалицияда болобу, оппозицияда болобу Жогорку Кеңештеги фракциянын депутаттары депутаттык ишмердүүлүгүн, дараметин, кандай саясатчы экенин, кандай мыйзамчы экенин көрсөтүш керек. Өкүнүчтүүсү ал жагынан бир да фракция мактана албай жатпайбы.

– Эки президенттин тиреши ойго келбеген, түшкө кирбеген жагдайга кептеди. Бул нерсенин жыйынтыгы саясаттын башка нукка бурулушуна шарт түзбөйбү?

– Мындай жагдай жаралаарын, саясий кырдаал эки президенттин тирешинен курчуурун эч ким билген эмес да. Бирок эки президенттин тиреши саясаттын кандайдыр бир нукка өзгөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Бирок Кыргызстандын эволюциялык өнүгүү мыйзамдарына көп таасирин тийгизе албайт. Саясий учурлар жеке тирештерге өтүп кеткени Кыргызстандын эволюциялык тарыхында жакшы көрүнүш болбойт. Кыргызстан кандай жагдай жаралса да өзүнүн жолу менен кете берет.

– КСДП жаңыланды, экс-президент партиясын тазалады. Эми азыркы бийлик келечекте КСДПны кыспай, баштагыдай күчтүү партия болушуна шарт түзөбү же туш тараптан кысымга алып, карлик пар-тияга айлантууга аракет кылабы?

– КСДПнын баштагыдай таасирдүү, күчтүү партия болушу парламенттеги фракциядагы эмес, КСДПнын өзүнөн көз каранды. Партия экиге бөлүнгөндө кайсы жагы күчтүү, омоктуу, курамы салмактуу болсо эл ошол жакка ыктай берет. Мындай учурда адамдык фактор чечет. Башкача айтканда, партиянын курамында канчалык авторитеттүү, билимдүү, компетенттүү адамдар болсо, партиянын таасирдүү болоор-болбосу ошого көз каранды болот.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: