Menu

Өзбекстан менен Казакстан соода жүгүртүү көлөмүн 5 миллиард долларга жеткирүүгө ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барар алдында Өзбекстандын Улуттук маалымат агенттигине (УзА) маек курду. Токаев эки өлкө ортосундагы мамиленин азыркы абалы жана аны өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берди.

Токаев “мамлекеттер арасындагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөдө” Нурсултан Назарбаев менен Шавкат Мирзиёевдин өзгөчө ролун баса белгиледи. Аны менен катар эки өлкө алдындагы маанилүү тапшырмаларды атап өттү.

“Азыркы кездеги башкы милдет – соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү, чек ара кызматташтыгын тереңдетүү. Бул тармактарда эки өлкөнүн чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Эки өлкөнүн өкмөттөрү 2020-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмүн 5 миллиард долларга чейин жеткирүүнү көздөшүүдө”, – деген Токаев.

Казакстан президентинин Өзбекстандагы мамлекеттик сапары 14-апрелде башталды. Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунан кийин маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Сапар алкагында соода-экономикалык, социалдык-гуманитардык маселелерден тышкары транзиттик-транспорттук кызматташуу жагдайлары да талкууланат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 41 = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: