Menu

Трамп жаңы президенттик кампания үчүн 41 млн доллар чогултту

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамптын командасы 2020-жылы өтө турган жаңы шайлоо кампаниясы үчүн үч ай ичинде 30 миллион доллар чогултту. Бул Демократиялык партиянын алдынкы эки талапкери топтогон каражаттан дагы көп.

Былтыр которулган акчаларды эсепке алганда жалпы сумма 41 миллион долларга жетти, бул – шайлоо кампаниясынын алгачкы баскычы үчүн өтө эле көп каражат.

Демократтардын лидерлери Берни Сандерс менен Элизабет Уоррен 39 миллион доллар топтошту.

​Дональд Трамп шайлоого даярдык көрүү компаниясын расмий түрдө инаугурациясы бүткөндөн бир нече саат өткөндөн кийин эле жарыялаган. Американын мурдагы президенттеринин бири дагы шайлоо өнөктүгүн мынчалык эрте баштаган эмес. Маселен, Барак Обама шайлоого бир жарым жыл калганда камылга көрүп баштаган. Ал учурда – 2011-жылы апрелде анын штабында болгону 2 миллиондон ашык доллар болгон.

Трамптын командасы шайлоо кампаниясына бир миллиард доллар жумшоону пландоодо. Обама 2012-жылы 720 миллион доллар чогулткан.

АКШда президенттик шайлоо 2020-жылы өтөт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 34 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: