Menu

Казакстан президенттик шайлоо өткөрүүгө 24,5 миллион доллар бөлөт

Бөлүшүү:

9-июнда мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоого Казакстан өкмөтү 9,4 миллиард теңге (24,7 миллион доллар) бөлөт. Токтомдун долбоору Нормативдик укуктук актылар порталында жарыяланды.

Документе ылайык, өкмөттүн резервинен 9 404 771 000 теңге бөлүнөт. Каражаттын 9,3 миллиард теңгеси Борбордук шайлоо комиссиясына, 56,8 миллион теңгеси Ички иштер министрлигине берилет.

Буга чейин Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо үчүн 12 миллиард теңге сураган. Бирок Каржы министрлиги бул каражатты кыскарткан.

БШКнын маалыматына караганда, бул сумманын 70 пайызы шайлоо комиссияларында иштей турган кишилерге айлык акы төлөөгө жумшалат.

9-апрелде Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

Казакстанда президенттикте талапкерлерди көрсөтүү 10-апрелде башталды жана 28-апрелде аягына чыгат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: