Menu

Видео – Кубат Кожоналиев: Бабановдун келбей калганынан жакынкы келечекте бийлик утту, ал эми алыскы келечекте оппозиция утту”

Бөлүшүү:

– Бозгундагы саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келем деп, келбей койгонунан ким утту же ким утулду?

-Бабановдун келбегени эле жакшы болду. Анткени элдин тынчтыгы биринчи орунга коюлуш керек. Мендеги маалыматтар боюнча Бабанов келгенде бийлик тараптан да, Бабанов тараптан да митингде ар кандай чагымдар болушу мүмкүн эле. Учур чакта Бабановдун келбей калганынан бийлик утту. Анткени баш аламандыкты болтурбоо – бул бийликтин биринчи максаты болчу. Ал эми алыскы максатта – оппозиция утту десек болот. Анын башында Атамбаев турат. Атамбаевге менин мамилемди өзүңөр билесиңер, дайыма сындап келгем, президент кезинен тартып. Бирок чынын айтыш керек, бийликтин Бабановду келтирбөө максатында кылган кадамдары кайра Бабановду ошол Атамбаевдин кучагына өзү түртүп, салып бергендей болду деп бааласа болот. Анткени Бабанов эми өз кызыкчылыгы үчүн оппозициялык саясатчылар менен биригип кетиши мүмкүн. Ал оппозициянын арасында Атамбаев, Бабанов, Текебаев жана Мадумаров бир болушу мүмкүн. Булар бир кызыкчылыкта биригип кетиши мүмкүн. Бирок, азыр мамлекеттик төңкөрүшкө бара турган күчтөр жок. Кыргызстандын ичинде төңкөрүшкө бара турган күчтөр калбады десек болот. Эгерде сырткы күчтөр кийлигишпесе бизде революция болбойт. Сырткы күчтөр кийлигишип, ошого дем берип, шыктандырып, шарт түзүп бере турган болсо революция болуп кетиши мүмкүн, – деп жооп берди юстициянын генералы, КРнын экс-аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев бүгүн, 15-апрелде.

Булак: KyrgyzToday

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: