Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон буйрукка ылайык, Тургунбеков Мирлан Эрмекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.
Маалымат:
Тургунбеков Мирлан Эрмекович
Бишкек шаарында 1977-жылы 3-сентябрда туулган.
Билими жогорку.
2000-жылдан тартып улуттук коопсуздук органдарында ар кандай кызматтарда иштеп келген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ