Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Мюнхен шаарында мекендештер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15- апрелде, Германиянын Мюнхен шаарында Германия Федеративдүү Республикасында окуп жана иштеп жаткан кыргызстандыктар менен жолугушту.

Мамлекет башчы жогорку деңгээлдеги жолугушуулардан тышкары мекендештер менен жолугушуу анын расмий визитинин негизги максаттарынын бири экенин белгиледи.

«Былтыр мекендештердин форумуна катышкан кыргызстандыктар көптөгөн сунуштарды айтышты. „Мекендештер“ Форуму жолугушуулар жана пикир алмашуулар үчүн жакшы аянтча болуп калды. Форумдун жыйынтыктары боюнча КР Президентинин алдында мекендештер Кеңеши түзүлгөн. Анын мүчөлөрү менен быйыл жолугушам. Биз сиздердин ийгиликтериңиздерге жана жетишкендигиңиздерге ар дайым кубанычтабыз „, — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Германиядагы мекендештер Мамлекет башчысына негизинен виза, билим берүү, саламаттык сактоо, улуттук маданиятты, адабиятты, анын ичинде Ч. Айтматовдун чыгармаларын жайылтуу, инвестицияларды тартуу, Кыргызстандагы инвестициялык климатты жакшыртуу, айыл чарбасын өнүктүрүү, ‚Мекен карт‘ долбоору, Кыргызстан менен Германия ортосундагы эки тараптуу мамилелерди күчөтүү, эки өлкө ортосунда түз каттамды ачуу маселелерине байланыштуу суроолорду беришти.

Мекендештердин суроолоруна Президент Сооронбай Жээнбеков, тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, КР Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Германиядагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эринес Оторбаев, КР экономика министри Олег Панкратов жооп беришти.

Суроолорго жооп берип жатып, Мамлекет башчысы региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү, транспорт-логистика чөйрөсүн, айыл чарбасын ж. б. тармактарды өнүктүрүү сыяктуу өлкөнү өнүктүрүү долбоорлоруна токтолду.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: