“Кыргызстанда бүгүн мамлекеттик төңкөрүш болуп кетүү коркунучу бар. Себеп дегенде өлкөдө коррупция менен күрөш күч алууда. Көпчүлүк коррупционерлер жоопко тартылып жатат. Өзгөчө эски бийликтин чиновниктери – Атамбаевдин тегереги бүгүн камакта олтурат. Албетте, мамлекеттик төнкөрүшкө эң кызыкдар тарап ушул Атамбаевдин тегереги”, – деп билдирди бүгүн, 15-апрелде саясат талдоочу, тарых илимдеринин кандидаты Табылды Акеров.
“Алар өздөрүнө жабылган көөдөн кантип кутуларын билбей, аргасыз олтурушат, демек булар ар кандай жолдорго барышы мүмкүн. Ал эми курултайчылар, атамекенчилер булар мыйзамдын тегерегинде аракеттенишет. Бирок мүмкүнчүлүктөр болсо, мисалы тышкы күчтөр кийлигишип кетсе, бийлик өтө көп каталарды кетирсе реваншисттик күчтөр биригип кетиши мүмкүн жана тышкы күчтөрдүн колдоосу менен мамлекеттик төңкөрүш болуп кетиши мүмкүн”, – деди Табылды Акеров.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ