Menu

Ашхабадда коомдук транспортторго суроо-талап көбөйдү

Бөлүшүү:

Ашхабадда коомдук транспорттор жүргүнчүлөргө жык толуп, салонго батпаган кишилер жанжалдашып кеткен учурлар көбөйүүдө. Автобустарга суроо-талаптын өсүшү – жеке таксилерге көзөмөл күчөгөн маалга туш келди.

Түркмөнстан борборунда коомдук тарнспорттордун ичинен автобустар гана жүрөт.

Автобустар убагы менен каттабай, шаар тургундары жумушка, окууга кечигип барышууда. “Борбор калаанын коомдук транспортунда жазылбаган эреже бар. Адатта, алдынкы орундарда аялдар, артта эркектер отурат. Эми чогуу отуруп калышса, урушуп кетишүүдө. Мурда мындай болчу эмес”, – дейт жергиликтүү кабарчы.

Ашхабад тургундары жеке таксилер азайгандыктан, автобустарга жүргүнчүлөр батпай калып жатканын белгилешүүдө.

Бул арада соңку айларда мамлекеттик автобустардын жана таксилердин айдоочуларынын саны кыскарганы, автотранспорттордун бир бөлүгү иштен чыкканы айтылууда.

4-апрелде ички иштер министри Исгендер Муликов мыйзамсыз түрдө жүргүнчүлөрдү ташуу ишмердүүлүгүн иретке келтире албагыны үчүн сөгүш алган. Аткаминер президенттен тил уккандан кийин жол полициясы жеке таксилерге карата рейд жүргүзүп, айып пул сала баштаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: