Menu

Фото – Бишкек шаарында жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө тескөөчүлөрү менен милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө окуу семинары өттү

Бөлүшүү:

2019-жылдын 15-апрель  күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик  университетинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Коомдук коопсуздук  кызматынын Жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө боюнча инспекциясынын  тескөөчүлөрү, милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү жана Жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу борборунун кызматкерлери үчүн окуу семинары өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

“Коопсуздук жана укуктук тартип тармагын реформалоодогу гендердик кадамдарды эсепке алуу” аталышындагы семинар ЕККУнун жана Кыргыз Республикасынын КККнын колдоолору менен И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин профессору Айдаркул Каана тарабынан уюштурулган.

Белгилей кетсек, Айдаркул Каана укук коргоо органдарында жыйырма жылдан ашык иштеген, милициянын отставкадагы полковниги жана Коопсуздук, укуктук тартип жана мыйзамдуулук тармагындагы аялдардын кыргыз ассоциациасын жетектейт. Семинарга Айдаркул Каана, ИИМдин КККнын жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча бөлүмдүн башчысы Азамат Абдрахманов, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин аскер-саясий маселелер боюнча бөлүмдүн башчысы Александр Елисеев катышышты. Семинардын башында катышуучулар жалпы маселелерге токтолуп, анын ичинен милициянын реформалоодо гендердик кадамдарды киргизүүдөгү негизги механизмдер талкууланды. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш мыйзамдарынын жаңы концепциясы презентация түрүндө көрсөтүлдү. Семинардын экинчи бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамдарынын контекстиндеги үй-бүлөөлүк, гендердик зомбулук жана жашы жете электер өспүрүмдөрдүн арасындагы суидциддик жүрүм-турумдар чөйрөсүндөгү ички иштер органдарынын кызматкерлеринин потенциялын жогорулатуу жөнүндөгү баяндамасын Азамат Абдрахманов окуду. Семинардын алкагында жашы жете элек өспүрүмдөргө карата үй бүлөлүк жана гендердик зомбулукту алдын алууну камсыздоо боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттемелери боюнча практикум уюштурулду. Андан соң, катышуучулар  өтүлгөн темалар боюнча талкуулашып, кичи топторго берген эксперттердин тапшырмалары боюнча өздөрүнүн презентацияларын көрсөтүштү. Семинардын аягында катышуучуларга окуудан өтүшкөндүгү тууралуу сертификаттарды тапшырышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 22 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: