Menu

Бабанов атын өзгөртөбү?

Бөлүшүү:

“Күздө келем дедиң эле, күздө неге келбедиң. Жазда келем дедиң эле, жазда неге келбедиң”- демекчи, келем деп жаткан, бир жарым жылдан бери сыртта жүргөн, 600 миң шайлоочусу чындап күкөн Бабанов келбей калды. Келбей калышынын себебин айтып да, актанып да атты. Мүмкүн чындыгында провокация болуп кетмек. Бирок, түшүнгөн адамдар бул коркуп койду”, “бизнесиме тийишпегиле мен барбайм деп соодалашып кетти”, “бизнесмен бизнесин ойлоду, күткөн карапайым шайлоочуларын ойлободу” деген кептердин аягы тыйыла элек. Бабанов бул кадамы менен 600 миң шайлоочунун үмүтүн өчүрдүбү? Өзүнүн кадырын кетирди, саясий “өлүккө” айланды келе турган болсоң коомчулукту дүрбөтүп, жарыялабай эле кел да. Же эмне жарыя кылып, он миңдеген эл тозуп алат десем бийлик коркуп кетип сүйлөшүүгө барат дедиби? Биринчиден он  миң киши чыкмак беле? Же Садыр Жапаровдукундай болуп саналуу эле адам турмак беле? Жыйынтыгы эмне болду? Эч ким сүйлөшүүгө барган жок. Келбейсиңби элди дүрбөтпөй шүк олтур. Жөнөкөй жаткан элди дүрбөтүп, ансыз да араң турган элди элиртип. Мына бир эле мисал. Абактагы адашы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаров. Текебаев мисалы ошол кездеги бийлик камаарын билип туруп келген. Садыр Жапаров деле ошол. Алардан эмнең артык, эмнең кем? Мына чыныгы эр жүрөк саясатчылар. Айтканын аткарган. Бабановчу? Айттым аткарам-кеттим келбейм. Берем дедим бербейм, келем дедим келбейм. Кичине намыс деген болуш керекда. “Эрди намыс, коенду камыш”- дейт.

Ушул жерден Текебаевдин Бабанов экөө “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө берген батасынан үзүндүнү берели. ӨмүрбекТекебаев: “Адашым жаш саясатчы, Өмүрбек Бабановго бир кеңеш бергим келет. Александр Македонскийдин армиясында Александр деген адашы болгон экен. Бирок, ал коркок экен. Бир күнү Александр Македонский чакырып алып, “Александр атыңды өзгөрт же коркоктукту ташта. Болбосо элдер сени менен мени чаташтырып атат” деген экен. Ошол сыңары сен дагы чоң жолго чыгыпсың, бекем бол, менден үйрөн, керек болсо менден аш”– деген экен. Текебаев ошол кезде эле көрөгөчтүк кылганбы? Кыраакы саясатчы балапан саясатчыны башынан эле билген окшобойбу? Эми кандай болот?
Бабанов атын алмаштырабы же затын алмаштырабы?

Ал эми үчүнчү күч чагым даярдаптыр, минтет экен, антет экен деген боюнча айтсак. Кайсы бийлик болбосун корккону эле үчүнчү күч, жамандаганы үчүнчү күч, шылтаганы үчүнчү күч. Үчүнчү күч не болгон үчүнчү күч экен? Деги үчүнчү күч барбы?

“Учурда Кыргызстанда “Үчүнчү күч” деген жок. Өмүрбек Бабанов көлөкөсүнөн коркуп, артындагы “былыктары” үчүн жүрөгү даабай мекенине келе албады. Ал табиятынан саясатчы эмес, коммерсант экенин дагы бир ирет ашкереледи. Бир чети жакшы болду, саясаттын кыйын кезеңинде тандоолор, сыноолор болот. Бабановдун бели мертинди, эми “чүкөсүн алыс ойносун”… Анын келбей турганын, духу жетпесин мен мурда эле жазгам” – деп журналист Аслан Сартпаев ФБга пост калтырыптыр.

Чындыгында “коркконго кош көрүнөт” болуп, коркуп кетсе керек да. Болбосо утур-утур жарыялап, билетин көрсөтүп, кайра тапшырып эмне кереги бар эле. Же балким унутулуп баратканын ойлоп, элдин эсине келейин дедиби? Ким билсин, айтор шоу концерт болбой калды, Бабанов келбей калды, аккан суу агып атат…

Тимур Термечиков

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: