Menu

“Акнет” компаниясына козголгон иштерди ким иликтейт

Бөлүшүү:

«Акнет» компаниясына козголгон иштерди Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы иликтейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, Башкы прокуратура Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) тергөө бөлүмү кыскарткан беш кылмыш ишин кайра жандантып, аны иликтөөнү 28-мартта ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүп берди.

Финполиция «Акнетке» каршы Жазык кодексинин 233-беренесинин 1-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу»), 232-беренеси 2-бөлүмү («Уюмдардын бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу»), 253-беренесинин 2-бөлүмү («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») жана 337-беренеси («Тергөөчүнүн ишине тоскоолдук кылуу») менен иш козгогон.

Финполиция былтыр ноябрь айында Бишкектеги  «Акнет» телекоммуникациялык компаниясынын башкы кеңсесин текшерүүгө алган. Текшерүучү орган аталган фирманын үстүнөн ири өлчөмдө салык төлөбөгөнү боюнча арыз гүшкөнүн кабарлаган.

Ушул иштин алкагында быйыл февралда «Акнет» жоопкерчилиги чектелген коому жашырды деген 150 миллион сом салык өндүрүлгөн.

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: