Menu

Видео – Тилек Матраимов карап туруп калп айтканын кара

Бөлүшүү:

Кечээ «Клооп» сайты бир мүнөттүк видеону жарыялап, анда Кара-Суу районунун тургундарын “Раим Миллион” атыккан Раим Матраимовдун иниси, райондун акими Тилек Матраимов жолугушуу учурунда айрым адамдарды милиция кызматкерлери тарабынан күч менен сыртка чыгарылып жатканы тартылып алынган. Чындап эле тасмадан күч кызматкерлери эки кишини жыйын өтүп жаткан имараттан чыгарганын көрүүгө болот. Ошондой эле Матраимов залдагыларга: «Мага, суроо бергиле. Жомок айтыштын кереги жок!» деп айтып жатканы тартылган. Бул тууралуу аким Тилек Матраимов басылмалардын бирине комментарий берип, эч кандай күч колдонбогонун айтып чыкты. «Тигини тартып, муну тартып туруп эле бириктирип коюптур. Мен ордумдан туруп «силер суроо бергиле, биз жооп беребиз» деп эле сүйлөп жаткам. Жер боюнча адис чыгып, жерди кантип алып сатышканын айтканда эл чычалап кетти. Кээ бири ичип да алган окшойт. Мен кишилерди жыйындан кууп чыккан жокмун», – дейт ал билдирүүдө Матраимов. Эгер тасмага тартылып калбаса, таза балээге калмак экен. Мынаке, азыркы жетекчилердин жүзү.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 28 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: