Menu

Ий бетим, Исаны Исхак “ит” эле кылды

Бөлүшүү:

ЖКнын депутаты Исхак Масалиев көпчүлүк коалициядагы КСДП фракциясынын депутаттарына “төрдү бошоткула” дегендей эле мааниде, “коалициядан чыккыла” таризде оюн айтты. Ити чөп жеп турган кездеги жалындуу КСДПчы Иса Өмүркулов чет элде командировкалап кеткендей эле тымпыят. Себеби, партия элдешкис экиге бөлүнүп, партия оппозицияга кеттик деп жарыя кылып жатса, фракциясы көпчүлүктү түзүп атса мыйзамга каршы келери турган иш. Кыскасы, КСДП эки жака талтайып, бутун жыйнай албай жаткан чак. Анын үстүнө кош съезд да партиянын кадырын бир топ эле кетирип койду. Негизи фракция партиянын Жогорку Кеңештеги филиалы экенин эске сала кетели.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 31

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: