Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов дарылануудан кийин, 28-апрелде, Бишкекке келет. Бул туурасында спортчу Іnstagram баракчасына жазды.
Эске сала кетсек, марттын башында Махмудов футбол учурунда бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германиянын Кёльн шаарына барган. Ал жакта операция ийгиликтүү жасалган. Көп өтпөй ден соолугун калыбына келтирип жатканын, алтургай балдакты таштап машыгууга киришкенин кабарлаган.
«Кёльн шаарында реабилитациядан өтүп жатам. Бишкекке 28-апрелде барам. Алдыдагы жеништерге белсенип турам. Колдооңуздар үчүн рахмат!» — деп жазган балбан.
Акжол Махмудов — өлкөнүн көзгө басар балбандарынын бири. 20 жаштагы спортчу чоңдор арасында Азия чемпиону жана Азия оюндарынын күмүш медаль ээси. Жаштар арасында дүйнө чемпиону. Бириккен күрөш уюму (UWW) 2018-жылдын мыкты кармашы деп Махмудовдун ыкмаларын атаган.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ