Menu

Мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун өмүрүндөгү урунттуу 10 учур

Бөлүшүү:

«Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот» деп айткан мамлекеттик ишмер, элдин уулу Исхак Раззаковдун жасап кеткен иштерин унутуп коюга мүмкүн эмес. Ал өз турмушунда катуу тагдырды бала кезинен башынан өткөрүп, ага карабастан зээндүүлүгү, зиректиги менен билим алууга умтулган. Элинин керегине жараган эр азаматтын башынан өткөн урунттуу учурларын баяндамакчыбыз.

Раззаков жана анын үй-бүлөсү —Исхак Раззаков 1910 — жылы жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөсүндө уул төрөлгөн атанын кубанычы койнуна батпай, тапкан – ташыганын баласына жумшайт. Жашоонун оор соккусу ошондо эле башталып, Исхак Раззаков үч жашында апасынан айрылат. Атасынын Гүлхан аттуу эжеси Исхакты колго алып, чоңойто баштайт.

—1918- жылы элде түшүмчүлүк болбой, эл катуу ачарчылыкка туш болуп, ар ким өз жашоосу менен туш-тушка тарай баштайт. Ошол мезгилде Исхак атасы, эжеси, чоң апасы болушуп Ташкенттин Курама айылында жайгашкан таекеси Абдулланыкын көздөй жөнөшөт. Ал учурда унаа деген жок, жөө жолдон тилемчилик кылып жүрүп отурушат. Баткенден Ташкенттин Курама айылына жетиш үчүн Ходжентти басып, Сырдарыяны ашып, бөксө тоолорду өтүп анан Курама айылына жетишмек.

—Жолдон тилемчилик кылып, ар кандай азапка туш болуп отурушуп Исхактын атасы катуу ооруга чалдыгып, токтогон аймактагы мечитке атасынын ахыбалы жакшырганча калып калышат. Бирок, жабышкан оору жанды койбой, Исхак 8 жаш кезинде атасынан айрылат.

—Исхактын эжеси Гүлхан апасын жана кызын алып алып Хорасанга кайтат. Ал эми 8 жашаар чыйрак Исхак эжеси менен кош айтышып, жолдо кошулган тилемчи менен таекесин көздөй жолун улап жөнөйт. Ходжентке жеткен соң ал жактагы боорукер адамдардын арты менен жетим балдар үйүнө жайланышып калат. Ошол кезден баштап Исхак Раззаковдун жашоосунда чоң өзгөрүүнүн башы башгалганын күндөлүгүнө жазып кетет.

—Жетим балдар үйүндө келечектеги мамлекеттик ишмер, элдин уулу тың окуп, орус тилин өздөштүрөт. «Менин жашоомдо жаңы белгисиз дүйнө ачылды, мен ири кубанычтын даамын таттым» деп эскерип жазат Исхак Раззаков.

Ошондо эле зээндуүлүгүн байкаган балдар үйүнүн тарбиячылары Исхакты келечекте элдин уулу болооруна, ак кызматтарда иштээринен күмөн санашкан эмес.

—Исхак Разаков – өлкө үчүн жасап кеткен иштери ат көтөргүс. Ал бир гана Кыргызстанга гана эмес, коңшу Өзбек республикасынын экономикалык өсүшүнө да ири салымын кошкон. Суткасын 15-18 саатка чейин иштеп, республиканын билимин, айыл-чарба өнөр-жайын, бир топ курулуш иштерин өркүндөтүп кеткен. Эл үчүн күйгөн элдин уулу эле… Раззаковдун республикабыз үчүн иштеген зор иштери гана эмес анын адамдык сапаттары да бүгүнкү күнгө чейин эл эсинде сакталып аңыз болуп айтылып келе жатат.

—Раззаковдун эли үчун өзгөчөлөнгөн ишмердүүлүгү, элине болгон камкордугу Москвадагы тоталитардык башкаруу бийлигинин сазына баткан жетекчилерге жаккан эмес экен. Ар кандай куру шылтоолор, далили жок фактыларга таянган жогору жактагылар 1961-жылы 9-майда Исхак Раззаков кызматынан бошотушкан.

—Кызматтан бошогондон кийин дагы ал оор тагдырга учураган. Эки уулу кайтыш болуп, кызы ооорукчан болуп калат. Небереси да оорукчан. Исхак Раззаков астма оорусу менен катуу ооруп, өлөөрүндө «мекенимдин бир ууч топурагы буйруйбу» деп жатып көзү өткөн экен.

—Насирдин Байтемиров: Кыргыздарга өткөндө кут эки жолу түшкөн дешет. Биринчи кут — Жусуп Абдрахманов болуп түшсө, экинчи жолку кут — Исхак Раззаков болуп түшүптүр. Бирок түшкөн кутту кут сыягындай күтүп албаптырбыз… Исхак Раззаковичти учкан кометага салыштырам, куйруктуу жылдызга… Мындай жылдыз кылымдарда бир келсе келет, бирок келгенде да артында жапжарык из калтырат, — деп эскерген залкар инсандар.

—И.Раззаковдун сөөгү 2000-жылы 1-июнда Кыргызстанга алынып келинип, бардык жөрөлгөсү менен коюлду. Кыргыз эли өз уулунун астындагы өз вазыйпасын кеч да болсо ишке ашырышты.

Сайкал Илиасова

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 62 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: