Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Кутман Кадырбековдун жүрөгүнө операция жасалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынан билдиришти.
«Учурда Кутман Кадырбековдун абалы жакшы. Операция ийгиликтүү өттү. Ооруканага деле көпкө жатпайт. Анын ден соолугу үчүн санаа тарткан күйөрмандарына рахмат. Жакынкы күндөрү машыгууга кайра кайтат», – деп билдиришти федерациядан.
Ал эми кыргыз курама командасы Кутмандын эртерээк сакайып кетишин каалап, анын футболкасы менен сүрөткө түшүшкөн.
Булак: «Мантыш»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ