Menu

Акыркы чейрек кылымда дагы бир өзбекстандык “мыйзамдагы ууру” наамын алганы айтылууда

Бөлүшүү:

12-апрелде Стамбул шаарынын Фатих районунда өткөн кылмыштуу топтордун жыйынында Өзбекстан жараны (каймана аты – Ахтам Самаркандский) Ахтам Якубовго “мыйзамдагы ууру” наамы ыйгарылды.

Бул тууралуу “Азаттыктын” өзбек кызматы бири-биринен көз карандысыз эки булагына таянуу менен билдирди.

Мындан 22 жыл мурун Бахти Ташкентский ысымы менен белгилүү Бахтиер Кудратиллаевге ушундай наам ыйгарылган болчу.

42 жаштагы Ахтам Якубов 17 жыл Бириккен Араб Эмиратында түрмөдө отурган.

Стамбулдагы жабык жыйынга 15 адам катышканы, калганы телефон аркылуу байланышка чыкканы айтылууда.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын маектешинин билдиришинче, Борбор Азия жана Кавказдагы криминалдык авторитеттер Ахтам Якубовдун талапкерлигин бир добуштан колдошкон.

Танго мессенжери аркылуу Кыргызстандан Камчы Көлбаев дагы жыйынга катышканы айтылууда.

Маалыматтарга караганда, чөлкөмдө акыркы төрт жылдан бери “мыйзамдагы ууру” наамын эч ким ала элек болчу.

Ахтам Самаркандский Бириккен Араб Эмиратында бир аялды жана анын жан сакчысын өлтүргөнү үчүн 1998-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган, кийинчерээк жаза мөөнөтү 25 жылга алмаштырылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: