Menu

Акылбектин атын саттыбы же жолун таптыбы?

Бөлүшүү:

Мамлекеттин казынасынын негизги акча түшүү көрсөткүчү болгон салык тармагындагы коррупциялык иштердин ачылып жатышы ич жылытат. Бул сферадагы мындай кол ийрисине тарткан жагдайлардын бар экенин, ал турсун ак үй, көк үйүң деле күпүлдөп сүйлөгөн менен көмүскөдөгү колдоолор, жаап жашыруулар ошол жактан болуп жатканын деле сезчүбүз. Эми андай иштердин акыбети ачыкка чыгып, айрым адамдарды айтпаган да “атактуу” финансист, дегеле сүйлөсө элди экономикалык жактан ээрге мингизе тургандай сүйлөгөн Акылбек Үсөнбековичтин салык жайдагы “сасык” иштеринин калкып чыгышы кан куйгандай каруубузду казык кылды. Сөздү кыска айталы. Кечээ, 1-Май райондук сотунда жаап-жашырылып келген салыктардын тегерегиндеги соттук териштирүүлөр боюнча сурак жүрүп, анда мурдагы салык башчысы Замирбек Осмонов суракка алынган. Сурактын жүрүшү мамлекетке ири салыгын төгүп турган “Мадина” базарынын айланасында жүрүп, анда аталган базарга өзүнүн товарын киргизип турган «Тяжмашпромторг» АОсунун 239 млн. сомунун салык кызматкерлери тарабынын жашырылганы боюнча сурак жүргөн.

Муну менен катары суракта буга чейин, көрсөтүлбөгөн салыктар боюнча кылмыш иши ачылган «Полларис» жана «Интеррустрейд» ортосундагы 50 млн. АКШ акчасы боюнча кимдер келишим түзгөнү тууралуу да суроо берилген. Суроого мурдагы салык башчысы Замирбек Осмонов, 2018-жьшы, 25-январда түштөн кийинки убакта анын иш бөлмөсүндө ага жолугууга келген же чалып байланышкан адамдардын тизмеси турганын, анын ичинде ЖКнын депутаты Акылбек Жапаровдун өзүнүн жардамчысын кабыл алып коюуу боюнча өтүнүчү да бар экенин айткан. Ал өтүнүчтү ага секретары Чынара Макешева алып барып берип, Осмонов Жапаровдун жардамчысы Алмазбек Сагынбековду кабыл алууга макулдугум берген. Жолугушууга Сагынбеков жалгыз эмес жанына бир адамды кошо ала келип, ага аны агасы болоорун айтып тааныштырган. Сүйлөшүүдө Сагынбеков салык башчысы Осмоновго агасына ал тараптын адамдарынан кысуулар болуп жатканын айтып даттанган. Буга чейин ал адам бир да жолу Жапаровдун атынан келип арыз-муңун айтпаганын Осмонов ага эскерткенин сурак учурунда айткан. Бул болгону териштирүүлөрдүн үзүндүлөрү эле. Мүмкүн Жапаров сыяктуу үлкөн адамдардын далайынын аты дагы да болсо айтылышы турган иш. Буга чейин ЖКнын депутаты Рыскелди Момбеков Мамлекеттик салык кызматын, Финансы полициясын жетектеген Замирбек Осмонов салык кызматында, бажы кызматында иштеген бир топтор менен бюджеттеги акчаны чыгарып кеткендиги жөнүндө, аларды офшорго которуп, бир ЖЧКдан экинчисине, андан дагы бир нерсеге которуп отуруп бюджеттин көп эле акчасын чыгарып кеткендиги жөнүндө маалыматтар бар экенин айтып чыккан жайы бар. Алдыдагы сурактар бир далайдын кулагын тикчийте тургансып калды.

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 22

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: