Menu

Минюра Рахимжанова, ырчы: “Чет өлкөгө аргасыз кеттим…”

Бөлүшүү:

«Сен кат жаздың» деген ыр менен Минюра Рахимжан кызынын жылдызы жанып, жаштар арасында ыр хит болгон кез эсиңиздеби? Кийин кандайдыр себептер менен ырчыдан дайын жок болгон, көрсө продюссери менен пикир келишпестиктер жаралып, ырчы шоу чөйрөсүндө тыныгуу жасаптыр. Жакынкы бир жылдан бери кайрадан чыгармачылыгына кайтып, жаңы ырларды жаздырып, дуэт ырдайм деп жургөн ырчыны кепке тарттык….

—Минюра, созду продюссериңден баштайлы, дагы деле иштешип жатасыңбы?

—Көп убакыттан бери продюссерим менен иштешпей калганбыз. Негизи эле ушул темада сүйлөшкөндү көп жактыра бербейм. Учурда сахнага чыгууга жардам берип жүргөн менеджерим бар. Ал азыр колунан келишинче иштеп жатат. Мындан аркы чыгармачылык сапарымдын өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенем.

—Өзүңдүн ысымыңды алып жүргөн студияңды иштетип жатасыңбы?

—Студия Кудайга шүгүр тынымсыз иштеп жатат. Биз атайын вокалдан сабак ала турган студенттер көп окушса дегенбиз. Буюрса жаман эмес. Ал жерде вокалдан сырткары комузда, фортепианодон сабакты жогорку даражадагы мугалимдер өтүшүүдө. Келечекте бизден сабак алгандар өтө билимдүү музыканын тилин түшүнгөн ырчылардан болушса экен деп тилейм.

—Акыркы жарым жылда сени ММК беттеринен көрбөй, жаңы ырларды укпай калдык. Чыгармачылыгыңды токтотуп койдуңбу?

—Жок, андай эмес. Азыр чыгармачылыкка катуу кириштим. Жаңы ырлар, мыкты ырчылар менен дуэттерди жаздыралы деп ойлонуп жатабыз. Мындан сырткары күйөрмандарымды кубандырайын деп өзгөчө клип да тарттыруудамын. Ооба, массалык маалымат каражаттарынан алыстап кеткеним чын. Анткени келишимдин негизинде ырдап келүү үчүн чет өлкөгө чыгып кеткем. Бул нерсе өзүмө абдан керек болчу. Студент кезимден баштап бир күн дагы эс албай тынымсыз иштегенге ден соолугумду бир аз солгундатып алыптырмын. Ошол маселенин айынан аба алмаштырууга туура келии, мекенимди таштап кетүүгө аргасыз болдум. Шоу-бизнесте эч кимдин көзүнө керүнбөй, аралашпай алыстап кеткенимди моюнума алам.

—Ден соолугуң жакшы болбосо ал жакта кантип иштедиң?

—Каражат керек болгондуктан иштөөгө туура келди. Келишим менен барган соң ооруп жатам деп баарын токтотуп салууга мүмкүн эмес болчу. Бир жагынан иштеп, экинчи тараптан ден соолугумду доктурларга каратып жүрдүм. Билесизби, мен адамга эң кымбат бул ден соолук экенин, ансыз эч ким эмес экенибизди ушул ооруганда билдим окшойт. Бар кезде баркы билинбейт турбайбы.

—Ырларыңдын хитке болбой жатканына эмне себеп деп ойлойсуң?

—Кээ бир ырчылардай болуп колума тийген ырды эле ырдай бербейм. Чыгарманын музыкасына, сөздөрдүн маанисине, баарына кылдат карап анан ырдайм. Үнүмө, жан дүйнөмө жакын ырларды ырдагым келет. Эптеп эле ырдасам экен деп ыр жаздыра бербейм. Көп ырлар дагы деле текчемде чаң басып жатат. Чыгармачылыгымда кризис болгонун мойнума алам. Ыр тандап, жакпай калса башкасын издеп жатып эле көп убакытты өткөрүп ийип жатабыз. А шоу-бизнесте күнү-түнү иштеп турбасаң бат эле сахнадан сүрүлүп каласың. Сахна сенин кризисте жүргөнүңдү такыр түшүнбөйт. Башка күчтүүлөр сахнага чыгып кетет. Бул маселеден улам учурда бүт баарын жыйыштырып салып, чыгармачылыгыма жоопкерчилик менен кароодомун. Акындардын арасынан элге аты жакшы таанылып, мурда кийин ырчылар менен иштешип хит ырларды жазгандарма мен дагы буйрутма берүү ниетим бар.

—Сени менен тең шоу-чөйрөгө аралашкан ырчылар эки-үч жолудан концерт берип ийишти. Минюра качан жеке концертин коёт деп күтүп жүргөн күйөрмандарың бардыр?

—Жөн эле концерт койсом эч кандай пайда түшпөйт. Сиз жогоруда айткандай, менин ырларым азыр элге катуу сиңе элек. Өзүм да эл сүйүп, жаңы ырларымды кууп уккан сүймөнчүк ырчыга айлана элекмин. Мен качан эл сүймөнчүлүгүнө ээ болгон соң, концерт берүүгө камданам. Баланча концерт коюптур, менин эмнем кем деген ойдон алысмын. Баардыгы буйруган күнү болоор.

—Ырчылардан эң жакын курбу күтө алдыңбы?

—Ырчы кыздардын арасында курбуларым жок. Курбу күтөйүн деп аракет деле жасаган жокмун. Эми шоу-бизнестеги айымдар менен кээде сырдашып, жамандык жакшылыктарына барып катташып турам. Бар сырымды алдына төгүп, ыйлаганда кошо ыйлап, ийгилигимде жанымда тура тургун досторум башка чөйрөдөн.

Сезим Мураталиева

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 54 − = 46

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: