Айыптоочу айыпталуучулар Айбек Калиевдин, Темирлан Биримкуловдун, Өмуркул уулу Нурландын, Бердикбек Боркоевдин, Узак Кыдырбаевдин, Нурлан Садыковдун жана Нургазы Курманбековдун иш-аракеттерин 1997-жылдагы редакциядагы 221-берененин 4-бөлугүнүн 1,2 -пункттарынан КРККнын жаңы редакциясынын 233-беренесинин 2-бөлүгүнө которууну суранды.
Айыптоочу Электр станциялары ААКнын экс-башчысы У. Кыдырбаевге – 5 жыл, анын орун басары Б. Боркеевге – 10 жыл берүүнү сурап, Айбек Калиевди 233-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп таап, ага 1 -категориядагы эркинен ажыратуу мөөнөтүн 1-категориядагы айып төлөө менен – 2 жыл 6 ай мөөнөткө 500 эсептик көрсөткүчтөгү айып төлөө менен жаза дайындоону сурады.
Нурлан Садыковду 233-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп таап, ага 1 -категориядагы эркинен ажыратуу мөөнөтүн 1-категориядагы айып төлөө менен – 2 жыл 6 ай мөөнөткө 500 эсептик көрсөткүчтөгү айып төлөө менен жаза дайындоону сурады.
Айыптоочу Бишкек ЖЭБдин экс-директору Н. Өмүркул уулун, башкы инженер Н. Курманалиевди жана Темирлан Биримкуловду 233-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка күнөөлүү деп таап, ага 1 -категориядагы эркинен ажыратуу мөөнөтүн 1-категориядагы айып төлөө менен – 2 жыл 6 ай мөөнөткө 500 эсептик көрсөткүчтөгү айып төлөө менен жаза дайындоону сурады.
Ошондой эле мамлекеттик айыптоочу келтирилген материалдык зыян боюнча бардык айыпталуучулардан «Бишкектеплосеть» ААКнын жана Электр станциядары ААКнын пайдасына суммасы 89 млн 699 миң 214 сомду өндүрүп алууну суранды, бул каражаттардын 12 млн. 99 миң 2140 сому кыйроонун кесепеттерин жоюуга, жумшалып, 77 млн 600 миң сому «Бишкектеплосеть» ААКнын бюджетине түшкөн эмес.
Булак: «Багыт»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ