Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын ыкчам кызматкерлери Жалал-Абад облусунун аймагынан 1 кг. 100 граммдан ашык салмагындагы баңгизатын ташыган жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан баңгикаражаттарын мыйзамсыз сактоо, ташуу, жайылтуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү аяктады.
2019-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаажолунда ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасы токтотулган. Жеңил автоунаа Чүй облусунун 32 жаштагы А.А. аттуу жашоочусунун башкаруусунда болгон жана автоунаанын ичин текшерүү учурунда 100 ширенкенин кутусундагы “гашиш” баңгикаражаты табылган. Табылып алынган баңгикаражатынын жалпы салмагы 1 килограмм 145 граммды түздү.
Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Аталган факты боюнча сотко чейинки иликтөөлөр жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ