Menu

Видео – Жогорку Кеӊеште башкы прокурордун 2018-жылдагы мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча отчету угулду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеш жыйынында 2018-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун отчету угулду.

КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун маалыматы боюнча 2018-жылы мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана кызмат адамдары тарабынан 38 971 мыйзам бузуучулук аныкталып, аларды четтетүү боюнча 14 020 прокурордук актылар түзүлгөн. Анын негизинде тартиптик жана административдик жоопкерчиликке 9948 адам тартылып, 962 жазык иши козголгон. Ошондой  эле мамлекетке келтирилген зыяндардын ордун толтуруунун суммасы прокурордук актылардын негизинде 947 635 406 сомду түзгөн.

Мындан сырткары, мыйзамсыз менчиктештирилген социалдык обьектилерди – бала бакчаларды, спорт обьектилер, билим берүү мекемелеринин имараттарын кайтаруу боюнча иштер аткарылган. Ошону менен катар Хизбут-Тахрир, Аль-Каида сыяктуу тыюу салынган эл аралык террористтик уюмдардын 138 веб-сайтына жана 220 интернет баракчасына тосмо коюлган. 2018-жылы издөөдө жүргөн 14 чет өлкөлүк жаран өлкө аймагынан кармалып, тиешелүү өлкөлөргө өткөрүлүп берилди. Ошол эле маалда кылмыш иштерине байланыштуу Кыргыз Республикасы издеп жаткан жарандардын 71 чет өлкөлөрдөн алынып келинди.

Башкы прокурордун айтымында, 2019-жылдын башында колдонууга киргизилген бир катар кодекстер прогресстик кадамдардын бири. Ошентсе дагы жаӊы кодекстерди колдонууда келип чыгып жаткан кемчиликтерди эске алуу менен аларды өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл жана бул багытта жумушчу топтор иштеп жатат.

Учурда Жогорку Кеӊеш депутаттары өткөн жыл ичиндеги ар кыл тармактагы мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча көйгөйлөргө токтолуп, жаралган суроолорун беришүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + = 9

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: