Menu

Видео – В.Алмамбетов, Апрель баатыры: “Атамбаев 5000 спортсмен менен чыгып, бийликти алам” деп жатыптыр, биз каршыбыз”

Бөлүшүү:

“Мына, биздин ок жеген жерлерибиз, бирок бирөө бизге бир вазелин алып берген жок. Өзүбүздүн, коомдук акчабыз менен дарыланып жүрөбүз. Булар азыр экиден-үчтөн үй алып, Мискенбаев жыргап жүрөт”, – деп билдирди Апрель баатыры Бакыт Рахманов Акипресс маалымат агенттигинде өткөн Апрель баатырларынын маалымат жыйынында

“Атамбаевге сөзсүз баарыбыз өлүш керекпи? Өлсөк оңой эле экен, эрте менен өлсөк, кечинде 50 миң сом берип көмүп коёт экен. Айыктыралы деген ойлору жок экен. Нарындан деле жардам берген жок, бияктан деле жардам болгон жок. Азыр эми кайрылып жатабыз, азыркы президент жегендерди “геройлугуна” карабай жазаласын деген оюм бар. “Мага ок тийди, мен героймун, сот алдында жооп бербейм, революцияны мен кылдым” деген мааниде жүрбөш керек. Революцияны алар кылган жок, эл кылды. Мискенбаевге кандай ок тийди билбейм. Мен больницада жатканда алар деле прокуратурада сүйлөгөн: “Мен Киевский көчөсүндө өтүп баратып эле анан площадга келгемин” деп. Анан эле кийин “үй берет” экен дегенден кийин эле “герой” болуп чыкпадыбы. Мен прокуратурадан суранам, кандай акыбалда ок тийгенин текшерсин. Каяктан тийгенин, кулап же жыгылып кеткенби, алтургай ок тийгендердин баарын текшерсе да мен макулмун. Антпесе азыр 2000 – 3000 “герой” болуп кетти. Чынын айтса больницада жатканда патриоттор аз эле болчу. Өтүп баратып, Ош базарына баратып, нанга баратып анан жөн эле келе калып, ок тийди дегендер бар. Мискенбаев өзү “Баткен” базарында краска сатып турчу”, – деди Бакыт Рахманов.

“2010-жылы 7-апрелде саат 15.30.да Кыргызстан боюнча биринчи ок мага тийген. Мага ок тийбесе эч ким көтөрүлбөйт болчу. Биз Атамбаев үчүн, Текебаев үчүн чыккан эмеспиз. Биз бийлик үчүн чыккан эмеспиз. Биз бийликтен үй бүлөлүк кланды кулаталы деп чыкканбыз. Биз свет менен уюлдук телефондун акысынын көтөрүлүшүнө каршы чыкканбыз. Мынакей, эми эмне болду? Атамбаев эң биринчи силерди – журналисттерди жайлады. Сотко берип, канчалаган штрафтарды мойнуңарга илди. Ошолордон эле түшүнсөңөр болот. Бирок Атамбаевдин азыркы бийликке каршы чыгып, эки ай мөөнөт бергени туура эмес. Биз Атамбаев менен Бакиев үчүн революцияга чыккан эмеспиз. Биз келечек үчүн, жаштар үчүн чыкканбыз”, – деп билдирди экинчи Апрель баатыры.

“Мен сол бутума ок жеп, бутум 7 сантиметрге кыскарган. Мен Атамбаевге айтат элем, биздин атыбызды сатып, “артымда 500 жарадар бар, ошолорду астыга салып алып, 5000 спортсмен менен чыгып, бийликти алып алам” деп жеңил ойлуулук кылат. Аларга каршы мен жеке өзүм чыгам. Мен азыркы президентке кайрылат элем, бул ызы-чуу кылып жаткан, жанагы өлгөн баатырларыбыздын аты менен байыган, талап-тоногондордун баарын жоопко тартсын. Күч органдары жанагындай маалымат болсо аларды жоопко тартсын, эч коркпостон, биз күч органдарын колдойбуз”, – деди Апрель баатыры Восток Алмамбетов.

“Мына, менин денеми бүт ок жеген, мага эч ким жардам берген жок, мен жыл сайын, ай сайын, күн сайын дарыланам. Мага Атамбаев жардам берген жок. Атамбаевге биздин сөз жеткен жок. Биз Мискенбаев, Жамгырчиев аркылуу айткан сөздөрүбүз жеткен жок: “ооруп атабыз, кыйналып жатабыз, больницага жардам берсин” деп айткан сөздөрүбүз жеткен жок. Ушул канчалаган жаракат алгандарга эч кимиси жардам берген жок. Мен ооруп жүрөм, өпкөмдө ок калган, үч балам бар, кудай сактасын.  Келгиле кыргыз элим, тынч жашайлы, ынтымак менен экономикабызды бутуна тургузалы”, – деди Апрель баатыры Максат Абдыжапаров.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Видео: “Жалбырак”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 + = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: