Menu

Түркияда шайлоо комиссиясы Стамбул мэрин шайлоодо оппозиция жеңишке жеткенин тааныды

Бөлүшүү:

Түркиянын Жогорку шайлоо комиссиясы оппозициячыл Элдик-демократиялык партиядан талапкер Стамбул мэрин шайлоодо жеңишке жетишкенин расмий түрдө тааныды. Бул тууралуу Anadolu агенттиги билдирди.

Президент Режеп Эрдогон башында турган Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы 1994-жылдан бери алгачкы жолу өлкөнүн ири шаарында бийликти колдон алдырып жиберди.

Күн мурун башкаруучу партия шайлоо комиссиясына кайрылып, Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга, кайра шайлоо өткөрүүгө арыз берген. Эрдогандын тарапкерлери мэрди шайлоо учурунда добуштар бурмаланганын белгилешкен.

Түркияда муниципалдык шайлоолор 31-мартта өттү. Добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катышкан. Стамбул мэрин шайлоодо Экрем Имамоглу башкаруучу партиянын талапкери Биналы Йылдырымдан бир нече миң добушка алдыга кеткен. Түркиянын борбору Анкарада оппозициядан талапкер Мансур Яваш шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгынын добушун топтогон. Башкаруучу партиянын өкүлү Мехмет Озхасеки 47 пайыз добуш менен артта калган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 + = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: