Menu

Эл саясатчылардын куралы болбооого тийиш!

Бөлүшүү:

БӨТтү Садыр Жапаровдой кылабыз дешти эле…

Бизде өздөрүнүн утурумдук кызыкчылыктары үчүн бирөөлөрдү алдап, жалгандарды айтып, өзүнүн ордуна кызыл чокко түртө салгысы келген саясатчылар да бар. Маселен, Садыр Жапаровду алалы. Ал АШАнын кландык криминалдык бийлигинин куугунтугунан качып, Кипрде баш калкалап жүргөн. Анын эркине койсо, АША биротоло башкаруудан четтетилмейинче Кыргызстанга кайрылып келмек эмес. Бирок, АШАнын каарына калып, эсептелүү күндөрдүн ичинде торго түшөрүн билип, чок баскан тооктой таманы жерге тийбей жүргөндөр барышып, туура эмес маалыматтар менен анын башын айландырышып, “Кыргызстандын чек арасына кирериң менен эле калың эл көтөрүлүп келип, ак кийизге салып барып, Ак үйгө отургузуп коюшат” деп күүлөп отурушуп С.Жапаровду алып келип, аны гана эмес, анын жакындарынын бир тобун каматышкан. Алар тополоң чыгып кетсе, бийлик бизди эстегенге шайы келбей калат, жок дегенде АША ошолор менен болуп калса, “балта көтөргүчө, дөңгөч эс алат” дегендей, бир нече күн да болсо, кармалбай турабыз деп ойлошкон. С.Жапаровду алдап, темир торго салып беришкен менен бирок өздөрү кутулуп кете алышпады. Анын артынан эле ошол жакка барышты.

Биздин бул жерде айтайын дегенибиз, реванш алсам дегенде эки көзү төрт болуп, убагында Ф.Куловго “миң адам өлсө да бийликти алабыз” деп ызырынган, азыр да андай нерселерге даяр турган АША, анын айланасындагы кайрадан чоң кызматтарга жетүүнү эңсеген авантюристтер Россиянын бир жеринде күн кечирип жүргөн Өмүрбек Бабановду ошондой максатта пайдаланууга аябай аракеттеништи. Президенттик шайлоодон кийин ультиматумдук талап коюп, Ө.Бабановду АША өзү кууп жиберсе, акыркы жарым жылда өзү көзөмөлдөгөн ЖМКларда аябай мактатты. АШАнын Ө.Бабановдун жакындары, Руслан Казакбаев, Максат Сабиров, Кенжебек Бокоев сыяктуу депутаттар менен байланыш түзүп, алар аркылуу Ө.Бабановду оолуктуруп салды.

“Форум” аркылуу акчаларын төлөттүрүп, “Өмүрбек Бабанов бир кезде саясый кырдаалдын эле курмандыгы болгон. Чындыгында анда эч кандай күнөө жок” деп атайын интервью берип, андан ары коомдук пикир түзүүгө аябай аракет кылды. Андан бери Руслан Казакбаев бир ай мурда Өмүрбек Бабановдун келиши боюнча маалыматтык кампанияны баштап, элдин бүйүрүн андан бетер кызытты. Ал эми Бабановдун менчик НТС телеканалындагылар Кыргызстанга Рим папасы же Ага хан келаткандан бетер анын интервьюсун бир нече ирет кайталап көрсөтүшкөндөн сырткары, саат сайын аны апыртып-сапыртып мактаган, келишин жактаган материалдарды берип турушту. Бирок АШАчылар, анын айланасындагылар, жөн эле андан пайдалангысы келгендер Ө.Бабанов эртең келет деп турганда ал келбей турганын билдирди. Эмне үчүн?

АША Бабановду каматууга жандалбастады

Жогорудагыдай примитивдүү нерселерге баамы жетпегидей Өмүрбек Бабанов жаш бала эмес. АШАга жакындагандардын келечеги кандай болорун, ЖМКлардагы апыртма-сапыртмалардын чыныгы баасы канча экендигин ал эң сонун билет. Бирок өлкөдөгү саясый кырдаалдан пайдаланып, даңгыр-шаңгыр менен келип, азыркы бийлик менен соодалашып, эң чоң кызматтардын бирине барсам,- деген ойдо болду эле, президент эч кандай ултьтиматумдар кабыл алынбай тургандыгын айтып, аны эл да колдогондугун көргөн соң шайы сууп, оюнан баш тартты. Президенттик шайлоодогу дебатта аракеттеги президент “менин сага 25 суроом бар” деп айтканы эсине келип, азырынча ал суроолордун экөөсүнө гана жооп берип жаткандыгын, калгандары да козголсо, мүйүздүү болмок түгүл, тескерисинче кулагынан айрылып калышы ыктымал экендигин түшүндү. Эгерде келсе, эки кылмыш иши мойнунда жүргөн адам, мүмкүн, кармалмак. Кармалбаса да АШАчылар өлкөдөгү саясый абалды биротоло курчутуп, ызы-чууларды күчөтүү үчүн ал эл менен жолугушкан жерлердин биринде провокация уюштуруп, аны бийликке да, элге да биротоло жаман көрсөтүшмөк. АШАчыларга Бабановдун Россияда эркиндикте жүргөнү эмес, анын бир жаңжал менен Кыргызстанда камалып жатканы пайдалуу. Интервьюсунда кайра-кайра ынагындай “Алмаз Шаршенович дегени” менен АШАнын, анын айланасындагылардын арам ойлорун убагында түшүнгөндүгү өзүнө жакшы болду. АШАчылардын БӨТтү өлкөдөгү саясый абалды начарлатып, эки тараптык тирешүүлөрдү күчөтөбүз, АШАнын, БӨТтүн акчаларынын жардамы менен митингдердин тилинде гана сүйлөшөбүз деген максаттары таш капты. Ошондуктан АШАчылардын колдорундагы олжолорун алдыргандан бетер жаалдары келип, аны “алдамчы, суу жүрөк, саясый банкрот, коркок” деп шыбашууда.

Мурда АШАнын бийлиги куугунтуктап, үйүн тартып ала жаздаган Адил Турдукулов: “эгерде ал келсе, элдик баатырга айланмак, үй камагында же СИЗОдо жатып алып эле тарапташтарынын митингдери менен маселесин чече бермек” деп кыжырланды. Андай сөздөрдү айтуу оңой, бирок А.Турдукулов өзү үй камагында болууну же СИЗОдо жатууну каалайт болду бекен?

“Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Бабанов Кыргызстанга 13-апрелде кайтып келем деп, элге жарыя кылып алып келбей койгону – аны саясый банкротко айландырды”- деп эсептеген пикирин билдирди. Биздин оюбузча, мында жүйөө бар. Саясатчылар бири-бирин “кидать” этишсе да элди алдабашы зарыл. Шыкмаматов мында Ө.Бабановдун эл арасындагы “кидальшик” деген кличкасын эсине салгысы келди окшойт.

Байлык элден келгенден кийин, эл менен да бөлүшүү керек

Бабановго АШАнын тушунда эки кылмыш иши козголгон, алардын бири да жабылган эмес. Кыргыз-Орус славян фондусунан “Азия Молл” соода борборун куруу үчүн АШАнын кийлигишүүсү менен жылдык үстөгү 4 пайыздан 17 миллион долларды алгандыгы үчүн да жооп бере элек. Анткени, соода-сатык жайларын, кафе-ресторандарды, эс алуу жайларын куруу үчүн кредит берүү – аталган фонддун Уставында каралбаган. Ал айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүгө, өнөр жайына багытталган долбоорлорду гана каржылашы керек. Демек, АША менен БӨТ биригип алып, 17 миллион долларды максатсыз жумшашкан. Башка бирөө болсо, эбак алгандарын айып пулдары менен кошо кайтартып, өзүн түрмөгө тыгып ташташмак. БӨТтүн жогорудагылардан башка мыйзамга ылайык келбеген “косяктары” да аз эмес.

Мына ушундай, бир убакта К.Байболов “эн салганга да таза жери жок” деген адамдын өзүнүн качып жүргөн жагынан келгиси келгендигин да элге милдет кылып, Москванын жарымын көчүрүп келаткандай, же Олимпиаданын үч алтын медалын катар алгандай, Бишкекте, жер-жерлерде миңдеген адамдар катышкан жолугушууларды өткөрөм деп оолукканы -“уурусу күч болсо.. ”, “эчки тууй албай жатып…” дегендей эле болду. СИЗОго келип отура турган адам эл менен жолугушам деп, анан премьер-министрликти эңсеп жаткандыгын кыйытканын Бабановдун антип кутурткан – коррупция. Ал бардыгын сатып алып жүрүп ошого биротоло көнгөн. Акчасын жакшылап төлөсө, жолугушууга да, митингдерге да адамдарды табат. Мындай көрүнүш жөнүндө Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова элдин бир бөлүгү 500-1000 сом үчүн кимди болсо да колдогонго даяр турганда “…бай адам элди оңой эле сатып алам деп ойлойт. Алар өз максаттарына жетүү үчүн социалдык тармактар аркылуу элди колдонууга аракет кылып жатышат. Эл саясатчылардын куралы болбоого тийиш. Бул өзүнүн шайлоочусун, элин сыйлабагандык. Бир күнү-бирди айтат, эртеси-башканы айтат”- деп туура айтты.

Ө.Бабанов Кыргызстандагы Аскар Салымбековдой эле эң бай адамдардан. Аскар Салымбеков футболго, хоккейге, атайын фонд түзүп таланттууларга демөөрчүлүк кылып, жүздөгөн китептерди чыгарып, Кыргызстан үчүн бир министрликтей эмгек кылып жатат. Ал Нарында сүрөт музейин курду, калыптандырды, Кыргызстан футбол, хоккей боюнча курама командаларына киргендердин дээрлик бардыгы анын “Дордойлорунан” чыккандар. Анын бизнесине да, демөөрчүлүк иштерине да ийгиликтерди гана каалайбыз. Ал эми Ө.Бабанов футболдук, хоккейлик командаларды түзмөк түгүл, бир бечарага, оюнчуга же сүрөтчүгө демөөрчүлүк кылгандыгын уга элекпиз. Андай байлардын жыйнагандары көбүнчө каракчыларга, талоончуларга, алдамчыларга гана буйруй тургандыгын тарых ырастап келет.

Автандил Белелков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 80 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: