Menu

Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Биз сунуштаган вариант Европа өлкөлөрүндө өз жемишин берүүдө”

Бөлүшүү:

– Алмамбет Насырканович, шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жаткан экенсиз. Анын өзгөчөлүгү эмнеде?

– Азыркы биз сунуш кылып жаткан вариантта адамдар партия үчүн, анан партиянын ичиндеги талапкерлер үчүн добуш берет. Бул система Прибалтика, Европа сыяктуу парламенттик демократия калыптанган мамлекеттерде акыркы он жылдыкта ишке киришип, өз жемишин берип жатат. Мунун илимий аталашы «Преференция» деген сөздөн чыккан. «Преференциалдуу шайлоо эрежеси» деп коёт. Ошондо биз шайлоочуларга мурункудан дагы кенен мүмкүнчүлүк беребиз. Мурда шайлоочулар партияны эле аныктап, ал эми кимдер депутат болорун партиянын босстору, төбөлдөрү өздөрү чечсе, азыркы система боюнча партиялык коррупция, акча бергендер алдыга өтүп алат (!) деген шектенүүлөрдөн четтейбиз. Биз партиянын тизмесин, кимдер депутат болорун аныктоо укугун шайлоочулардын өзүнө берип атабыз. Мисалы, бир партиядан үч кишиге добуш берет. Аягында электрондук урналар эсептегенде өзүнөн өзү чыгып калат. Ким алдыда туруш керек, ким артта турушу керек.

– Жанар Акаев менен Исхак Масалиев да ушундай эле системаны сунуштап жатышкан. Сиздин вариант алардыкы менен үндөшүп атабы, же чогуу даярдалган долбоорбу?

– Исхак Масалиев, Жанар Акаев, Мирлан Бакировдуку биздики менен үндөш. Болгону биз тогуз округ десек, Мирлан Бакиров он үч округ деп атат. Ошту, Чүйдү, Жалал-Абадды экиге бөлүүнү сунуштоодо. Жанар Акаев болсо бир эле округ кылууну айтууда. Айырма ушул эле.

– Тизмедеги жүз кишиге добуш берген шайлоочулар үчүн кыйын болуп калбайбы?

– Жанарлардын вариантында жүз киши болот. Ал эми биздин бюллеттендерде он үч эле кишинин фамилиясы жазылат. 120ны тогуз округка бөлгөндө он үчтөн туура келет. Мандат шайлоочунун санына жараша бөлүнөт. Мисалы, Нарында жети, Ошто жыйырма алты депутат, Жалал-Абадда жыйырмадан ашык, Чүйдө жыйырманын тегерегинде.

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: