Menu

Түрктөр кыргыздардан эмнени каалайт?

Бөлүшүү:

Кыргыз элинин каймагына кирем деп төшүн каккан, сапаттуу акыл калчайм деп көз айнек таккан саясатчы жана эксперттер эмнегедир Орусия менен АКШга карата айта албаган сынын, акаарат сөздөрүн түрктөргө карата кең кесири айтууда. Бул кыргыздын “өз агасын агалай албаган киши агасын сагалайт” деген накыл сөзүн айгинелейт. Эң эле жөнөкөй мисал, дүйнөлүк деңгээлде кызмат көрсөтө турган оорукана салып бергени үчүн ыраазычылык айткандын ордуна айрым саясатчылар түрктөрдүн башка инвестицияларынын да Кыргызстанга келүүсүнө тоскоол болууда.

Алгач киши агасы жөнүндө кеп кылсак. Америкалыктар Кыргызстанга оорукана эмес аскерий базасын салып атканда оозун ачпай отурган саясатчы жана эксперттерди жакшы билебиз. Wikileaks жарыялаган материалдарга ылайык премьер-министрликке чейин жеткен “жаш кадрлар” АКШнын Бишкектеги элчилигине атайын отчетторду даярдап берип турган. Карапайым кыргызстандыктарга виза берээрде он жети жолу ойлонгон америкалыктардын Кыргызстандын чыгаан ууру-кескилерине, акча десе апасын саткан сотторго “башпаанек” берип жатышынын себеби боюнча ооз ачкан саясатчы жок. Евангелисттердин “ыйык чайын” ичиш үчүн Вашингтондун короосунда түнөгөнгө даяр болгон саясатчыларыбыз түрктөр салган 30 миллион долларлык мечитке басып барды бекен? Түрктөр өздөрү салган мечитке Таблиги Жамааттын амири имам болуй дайындалса унчугушкан жок.

Путиндин ымдоосу менен бийлик жетекчилеринин алмашышын табигый көрүнүш катары кабыл алып, ат тезегин кургатпай Москвага каттаган саясатчыларды көптөн бери “түшүнүү менен” кабыл алып калбадыкпы. Эмне үчүн түрктөр америкалыктарга же орустарга окшоп Кыргызстан үчүн “татыктуу” деп кайсыл бир саясатчыны алдыга үндөбөйт? Эмне себептен гүленчилердин түрктөргө шыбаган ылайына Жогорку Кеңеште бир да депутат жооп берип койбойт? АКШнын жана Орусиянын, керек болсо гүленчил жикчилдердин кызыкчылыгын колдогон саясатчылар жана саясий партиялар бар экени маалым. Бирок түрк мамлекетинин кызыкчыгын колдогон саясатчылар жок? Мунун баары түрктөрдүн өздөрүн колдогон саясатчыларды даярдабагандыгын жана аларды кыргыз бийлигинин чокусуна чыгарууга аракет кылбаганын көрсөтөт.

Миллиондогон долларга курулган батышчыл жана орусчул массалык маалымат каражаттары кыргыз окурмандарын оңго-солго тартып, “баланын көңүлүн талаага” буруп жаткан учурда түрктөрдүн Кыргызстанда бир да массалык маалымат каражатын ачпагандыгы пантүркизм болуп эсептелеби? Түрктөр менен тарыхыбыз, тилибиз, динибиз бир болсо да, эмнегедир чоочун тарыхты балдарыбызга үйрөтүп, чоочун Тилдерди расмийлештирип, жарандарыбызды христиандаштырып, күчүбүз жетпей баратса вахабийлештирип жатабыз.

Жыйынтыктап айтканда түктөр менен туугандыгыбыздын баркына жетип, империалисттик күчтөр Түркияны тооруп турган учурда жок дегенде моралдык колдоо көрсөтүп туруубуз абзел. Жакынкы кошунаң жериңе көз артып, келечегиңди барымтага алып атса, бир күнү албетте алыскы тууганыңа күнүң түшөт.

Булак: “Кабар Инфо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: