Menu

Коён жүрөк Бабановдун саясый доору бүттү

Бөлүшүү:

Ошентип, Өмүрбек Бабанов Москвадан мекенине кайта албай, «коркконго кош көрүнөт» дегендей болду. Ал келсе чогулган тарапташтарына провокация болмок имиш. Элди «ойлоптур»! Анда эмнеге көпчүлүктү чогултуп, шоу кылууну көздөдү? Бийликке сес көрсөтүүгө азгырылды го. «Ур барабан, тарт сурнай» дегендей, оюн-зооктун коштоосунда коомчулукту дүрбөтүүгө болгон аракеттери ишке ашпады. Иш жүзүндө Бабановду коёнго салыштыргандар арбыды. Ишенимге татыксыз экени айтылды. Дагы көп тескери сөздөр жамгырдай жаады… Натыйжада, анын саясый карьерасына сокку жасалып, баш көтөргүс абалга такалды. Өзүнө ишенбесе, духу жок болсо, тынч эле жүрө бербейби? Эгерде таза болсо, анда суракка жалтанбай келип, актыгын далилдебейт беле? Мандемдүү жагы, артында «калбыры» кат-кат экени жалганбы? Келечекте кайрадан элибизди алдай албай калды го, себеби, факты өжөр нерсе, бу саам жүзү ачылды, доору бүттү. Деги Бабановдун аферасын качанкыга чейин уга беребиз? Тойдук!

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: