Menu

“Коммерсант”: Назарбаевди ЕАЭБдин ардактуу төрагасы кылып дайындашат

Бөлүшүү:

29-майда Нур-Султанда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт. Ага Орусия, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Армениянын президенттери катышат.

“Коммерсант” гезити кабарлагандай, Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев үчүн атайын түзүлгөн жаңы кызмат көңүл чордонунда болот. Ал быйыл 19-мартта отставкага кеткен. Назарбаев кеңештин ардактуу төрагасы болору жана ЕАЭБди башка өлкөлөргө таанытуу иштерин алып барары кабарланууда.

Кызматын тапшырган мурагы президент Назарбаев быйыл 79 жашка толот. Бийликке ал 1989-жылы – СССР урай элек маалда келген. Ал Казакстандын алгачкы президенти болуп 1990-жылы шайланган жана бир нече жолу шайлоолордо жеңишке жеткен. Анын соңку президенттик ыйгарым укуктары 2020-жылы аягына чыкмак.

2016-жылы биринчи жолу Назарбаевдин ден соолугу тууралуу расмий маалымат жарыяланып, оорусуна байланыштуу Арменияга сапарын токтотууга туура келген. Мындан кийин ал президенттин айрым ыйгарым укуктарын парламентке жана өкмөткө өткөрүп берген. Улуу кызы Дариганы сенаттын депутаты кылып дайындаган.

​ 79 жаштагы Назарбаев бийликтеги «Нур Отан» партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин да билдирген. Бул орган улуттук коопсуздукту, ички саясий стабилдүүлүктү камсыздоо, конституциялык түзүлүштү, көз карандысыздыкты коргоо максатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү координациялап турат.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: