Menu

“Өкмөт параличке, стагнацияга жана кризиске дуушар болду!”

Бөлүшүү:

Рубрикабыздын төрүнө өкмөт чыгып кетти. «Каргайын дегем жалгызсың, каргабайын десем байкушсуң» деген сымалда сынга алынды. Белгилүү коомдук ишмерлер, кыргыз элине таанымал адамдар, саясый серепчилер бир пикирден ойлорун айтышты.

Өмүрбек Абдрахманов, ЖКнын мурунку депутаты:

– Эгемендик алган жылдан тарта отузга жакын өкмөт алмашты. Эмне өзгөрдү? Эч нерсе өзгөргөн жок. Ошентип биз темселеп жүрө беребиз, улам бирин кетире беребиз. Абылгазиев кетип калса эле баарыбыз жыргай түшчүдөй болобуз. Андай болбойт. Система өзгөрүш керек. Бизде авторитардык системанын жумшак варианты өкүм сүрүүдө. Россияда катуу варианты, Казакстанда катуурак, ал эми Кытайда абдан катуу варианты. Бизде эмне үчүн жумшагы болуп атат? Анткени эки жолу өлкөбүздө төңкөрүш болду. Катуу жана абдан катуу кыла албайт. «Система» деген эмне? Бул – борбордоштурулган бийлик. Борбордоштурулган экономика жана финансы. Азыр фермерчилик менен айылда иш кылып жүрөм. Айылда жалаң эле бардак. Айыл өкмөттү алты депутат шайлап алып, аны мурдунан чүлүктөп «тигини кыл, муну кыл, болбосо жумуштан алам» деп коркутат экен.

Кечээ Туйгунаалы Абдраимов жолугуп алып айтат, «Өмүрбек байке, Текебаев менен бекер согушпаптырсыз» дейт. Ушунун баарын Текебаев жасаган, «айыл өкмөттү алты эле депутат шайлап алат» деп. Айылдык кеңеште 11 депутат болот, алтоо көпчүлүк да. Бул демократия эмес, демократияны талкалагандык да. А чынында демократияда күчтүү бийлик, күчтүү көзөмөл, күчтүү баланс болуш керек. Элге бийлик берилет, эл өзүнүн айыл өкмөтүн шайлап алат. Бир жума болоюн деп калды, Италиядан көчөттөр келген. Бажыдан өткөрбөй атышат. «Карапа боюнча келиш керек эле» деп кыйнап атышат. Мына ушундай айбанчылыктар кыргыз экономикалык системасында. Бүт баардык жерде коррупция. Мамлекеттик бир да ишкана мамлекетти өнүктөрөйүн деген ою жок.

Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер:

– Өкмөттүн дымагы, программасы, көрөңгөсү жана энегертикасы жок экени көрүнүп эле турат. Маанилүү бир дагы реформа, өзгөрүү жасалган жок. Өкмөт параличке, стагнацияга жана кризиске дуушар болду. Мисалы, айлык акы, пенсия, пособия өскөн жок. Жумуш орундарын кеңейте албады. Кыргызстанга инвестиция тартуу 50%га кыскарды. Кыргызстандан капитал кача баштады. Экономикалык өсүү инерциялык 3% деңгээлинде турат. Өкмөт мурдагыдай эле президенттин гана көзүн караган бийлик бутагы катары калууда. Мухамметкалый Абылгазиев өкмөт башчы эмес, Сооронбай Жээнбековдун жардамчысынын ролун ойноп атат. Себеби, бир дагы маселени өз алдынча, президентке кылчактабай чече албайт. Анан ушундай өкмөт менен алдыга жылабызбы, экономикалык өсүү болобу, элдин турмушу оңолобу? Өзүңөр деле ойлоп көргүлө, эч кандай өсүү болобу, элдин турмушу оңолобу? Өзүңөр деле ойлоп көргүлө, эч кандай өсүү жок. Келечегибиз күмөндүү жолдо…

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

– Жаңы өкмөттүн куралганына бир жыл болду. Бул аралыкта эч бир көрүнүктүү иш кылышкан жок. Кандайдыр бир аракеттерди кылымыш этишет, бирок, майнап чыкканын эл билбейт. Мен өкмөттүн баардык кемчиликтерин, иштей албай жаткандарын айтып отурбайын, болгону бир-эки гана эң орчундуу делген экономикалык жана айыл чарба жактарына токтоло кетейин. «Коопсуз шаарды» алып кетебиз» деп атышат. Ал тармакка келген компания иштей алган жок. «Тендер» деген бир балакет мамлекетти түп тамырынан бери кыркып келүүдө. Эгер мен өкмөт башчы болсом, мамлекеттик уюмдар үчүн тендерди алып салмакмын. Тендердин азабынан ири компанияларды талкалап бүттүк, алар иштей алышкан жок. Тендерди кайсы жагдайда алып салуу керек? Дыйкандардын катаал учурларында: картошкасын, буурчагын тендер-мендер дебей эле, Кытайдын күмөндүү азык-түлүгүн алгандан көрө дыйкан чарбалар менен сүйлөшүп, түздөн-түз закупка кылдырып койсо болот беле? Ошондо дыйкандардын картошкасы чирибейт эле, буурчактары талаада калбайт эле. Алар бүгүнкү күндө эмне сээп, эмне айдаарын билбей турушат. Өкмөт өз алапайын таппай атат. Эми дыйкандарыбыз болсо жер иштетип, мал чарбасын өнүктүрүүнүн ордуна чет жакка кетип атышат. Кечээ айылга барсам, 60 жашка келген апалардан өйдө 200дөн ашуундайы документтерин даярдап чет жерде, чет элде бала бакканы кеткени жатыптыр. Ушуну көзөмөлгө алган жан жок, кана биздин өкмөт? Мүмкүн ушу абалды өлкө президенти билбей аткан чыгар. Билейин десе тегерек-четиндегилер жеткирбей жатышат окшойт. Дагы бир нерсени байкап отурам, бизде таза суу качып отурат. Өзүмдүн Талас өрөөнүндө булактардын баарында суу жок. Себеби, эмерек жасаган компаниялар массалык түрдө 60-70 жылдык байтерек, карагайларды кыркып атышыптыр. Ушуну көзөмөлгө алган, саясый чечим кабыл алган өкмөттүн ишин көрбөй турам. Билим берүү тармагына карата да эки ооз сөз айта кетпесем болбойт. Быйыл балдар китеби жок окуду, алар брак болуп чыкты. 3 миллион долларлык брак китептин айынан бир жыл сабактары толук кандуу болбоду. 1-класстан 5-класска чейин канча бир убакыт күтүп отурушту. Ата-энелер аргасыздан WhatsАрр аркылуу сабак өтүштү, мына биздин өкмөтүбүздүн жүзү!

Игорь Шестаков, саясат тануучу:

 

– Өкмөт мурун кандай иш кылбаган болсо, азыр деле ошондой түр көрсөтүп тургансыйт. Экономика жаатында алдыны карай тез бурулуштарды жасап, курч көйгөйлөрдү чечкен жок. Кептин баары кадр маселесинде жатканын билбей жатабыз. Реформага умтулган жанды көрбөй турам. Парламентте ар кыл партиянын өкүлдөрүнөн турган депутаттар отурат. Ошол эле партиянын өкүлдөрү ар кыл министрликте. Болгону алар депутаттык мандаты жок. Эми ушу ракурстан караганда, партиялык-өкмөт сымал түр көрсөтүп, парламентте отурган эл өкүлдөрү өздөрүнүн партиялаштарын сынга алгысы келбей атканы ушундан. Мындай партиялык-өкмөт реформага барып, элдин жашоосун жакшыртуу боюнча баш оорутпай, жаралган көйгөйлөрдүн үстүнөн иштегенге жарабай турат. Ушундан улам президентибиз аргасыздан айыл чарбага кийлигишип, канткенде фермерлерге жакшы шарт түзүү жагын караштырып атат. Ошол эле учурда айыл чарба министрлиги өзүнүн түздөн-түз милдетин аткара албай отурат, фермерлерди колдоо жөнүндө сөздү айтпай тек коёлу. А өкмөтүбүздүн аябай начар иштеп атканын, абалы жакшы эмес экенин ушундан бил – мамлекетибиздин экономика жаатына сырттан инвестиция келбей калды. Министрлер кабинетин отставкага айдаш керек, бизге мындай өкмөттүн кереги жок!

Булак: «Азия ньюс»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 − 39 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: