Menu

АША менен Соке мушташты беле жарашкыдай…

Бөлүшүү:

Эмилбек Каптагаев учурда коомчулукта талкуу болуп жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен КР президенти Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы мамиленин максатын жазып чыкты.

Ал: -Бир топ адамдар, алардын ичинде бүгүнкү маегинде Өмүрбек Бабанов дагы “Атамбаев менен Жээнбеков жарашышы керек…” деген сымал сөздөрдү айтып жатышат. Эл көзүнчө чатакташып, мушташкан жок да алар. Ал экөөнүн урушунун, талашынын төркүнү эмнеде? Адегенде мына ушул суроого жооп берүү зарыл, ал экөөнө арачы түшкөндөн мурда. Чатактын башы эмнеден чыкты…

Атамбаев аталык болуп өлкөнү чеңгелинен чыгарбай башкарып кала беремин, мурдагыдай эле коррупциялык иштерди улантам деди. Ага Жээнбеков ынанбады, “мамлекет үчүн, эл үчүн” деп, досунан жүзүн буруп койду. Ошондуктан, экөөнүн жарашуусу эки учурда гана болушу мүмкүн десек болот.

Биринчиси, Атамбаев өзүнүн кыянаттык оюн, мурдагы кылган иштерин да моюнга алып, мындан ары өз жеке кызыкчылыктарынан баш тартса, бийликти узурпациялап, кландык бийлик жүргөнүнүн кесепеттери үчүн жазасын алууга даяр болсо, ал эми экинчиси – Жээнбеков мамлекеттик жана элдик кызыкчылыкты садага чаап, Атамбаев досунун шарттарына көнсө, эл кайсы жолду колдойт, кеп мына ушунда Урматтуу достор”, – деп ачыктаган саясатчы Эмилбек Каптагаев.

Э. Каптагаев айткандай мурдагы эки достун таарынычы кимдин пайдасына чечилет азырынча табышмак. Бирок “оомат” азыр Сооронбай Жээнбековдун “короосунда гурганы талашсыз. Эми Жээнбековдун “короосундагы” “ооматтан” ийгиликти жаратуу анын колунда… Ал ийгиликти жаратуу көптөгөн кыйынчылык менен коштолот, ага Жээнбеков туруштук бере алабы?

—Албетте туруштук бериши керек!

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: