Menu

Бектур Асанов Атамбаев тууралуу баш прокурор Өткүрбек Жамшитовго кирип чыкты

Бөлүшүү:

-Бектур мырза, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жаздыңыздар эле, жазылган арыздан “үн” чыкпайт, катардагы каттардын арасында калып кеткен жокпу?

— Баарыңыздарга белгилүү болгондой 2016-жылы биз камалардан бир жума мурун Башкы прокурор Индира Жолдубаевага Кубанычбек Кадыров экөөбүз арыз жазганбыз. Себеби 24-мартта бир топ саясатчылар жана саясый партиялар коштогон топ Ош шаарында Курултай өткөрөбүз деп чечкенбиз. Ошондо мурдагы президент Алмазбек  Атамбаев 17-мартта Ош шаарына барып эл менен жолугушуда “булар эл бузарлар, буларды таш бараң кылгыла, киргизбегиле” деп, ачык элге туурга эмес “чагымчылдык” чакырык жасаган. Ошонун негизинде биз Алмазбек Атамбаевдин мыйзамсыз, улут аралык жана чагымчылдык кылганы үчүн Башкы прокурорго КР кылмыш жаза кодексинин 299-беренесинин негизинде кылмыш козгоону талап кылып арыз жазганбыз.

—Анан…ошол арыздын көчүрмөсү барбы?

—Тилекке каршы 2-3 күндөн кийин камалып калдык. Камалып калгандан кийин биздин үйлөрүбүзгө чейин Атамбаев тинтүү жүргүзүп, арыздын көчүрмөсүн алышып койгон, ошол боюнча арыздын көчүрмөсү жок болуп кетти.

—Сиздер камактан чыгаарыңыздар менен Атамбаевдин үстүнөн арыз жаздыңыздар эле…

—Ооба, ошол мурдагы арыздын негизинде Атамбаевдин бизди мыйзамсыз камаган деп түрмөдөн чыгаар замат Кубанычбек Кадыров экөөбүз атайын маалымат жыйын уюштуруп, маалымат каражаттары аркылуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылдык. Бизге козголгон кылмыш иши кайрадан каралып, мурдагы президент Аламазбек Атамбаевди тез арада жоопкерчиликке тартуу керектигин айтканбыз.

—Сиздер жазган арыз боюнча Башкы прокурор кандай реакция кылды?

—Тилекке каршы бир айдан ашуун убакыт өтсө дагы Башкы прокурор тарабынан эч кандай реакция болгон жок. 12-апрелде мен Өткүрбек Жамшитовдун кабыл алуусунда болуп, аны менен менен арыздын негизинде сүйлөшүп чыктым. Ал киши баарын угуп аталган арызды карап чыгып укуктук баа берип арызда кылмыштын курамы болсо, Атамбаевге кылмыш иши сөзсүз козголо тургандыгын айтты.

—Дагы деле унчукпай койсочу…

—Албетте Башкы прокурордун аракетин 5-10 күн күтүп, ошого жараша иш-аракеттерди кылабыз. Биздин Кадыров экөөбүздүн позициябыз мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кылмыш иши козголуп, ал камакка алынышы керек. Биздин негизги максат Атамбаевдин мурдагы жана азыркы жүргүзүп жаткан иш аракеттерин кылдаттык менен карап чыгып укук коргоо органдары тез арада кылмыш ишин козгоп, алар өз баасын бериши керек…

Булак: «Кабар инфо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 12 = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: