Menu

Мэрдин коркунучтуу демилгеси

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов 2020-жылга чейин баш калаада митингдерди өткөрүүгө тыюу салууну сунуштады. Бул тууралуу анын коомчулукка кайрылуусунда айтылат.

Ал белгилегендей, 2019-жылдын башынан бери мэрияга митинг, пикет жана жөө жүрүш өткөрүү тууралуу 19 арыз келип түшкөн. Мындай иш-чаралар бизнесмендер менен туристтердин тынчын алууда. Мэрдин маалыматы боюнча, митинг өткөн жерлерде муниципалдык кызматтар тонналаган таштандыларды чыгарат. Андан тышкары клумбадагы гүлдөрдү тепселеп, отургучтарды сындырып, урналарды оодарып салышат. «Тазалык» ишканасынын кызматкерлери ошол жерлерди кайрадан тазалап жууп чыгышат. Мындан тышкары, туруксуз саясый жана коомдук абал инвесторлорду жана туристтерди да чоочутуп жатат» дейт мэр.

Мэр саясый партияларды талаштар-тыштарды сүйлөшүү жолу менен маданияттуу чечүүгө чакырып, эмки жылга чейин Бишкекте митингдерди өткөрүүгө мораторий киргизүүнү сунуш кылды.

Алдыда «атамекенчилердин» митинги кутүлүүдө

23-апрелде «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев жана Садыр Жапаровдун соттук отурумдары өтөт. Ошол эле күнү аты аталган партиялардын өкүлдөрү да тынчтык митингине чыгууну пландашууда. Алар соттон адилеттүү чечимди күтүшөт. Эгерде сот бийлиги калыс чечим чыгарбаса, ачкачылык жарыялап, оппозицияга өтөрүн кабарлашууда.

Эки партиянын лидерлеринин соттук отуруму бир күндө өтөт. Тактап айтсак, саясатчы Садыр Жапаровдун соттук отуруму саат 9:00дө, Өмүрбек Текебаевдики 10:00дө башталат. Мындан улам «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын өкүлдөрү тынчтык митингин өткөрүүгө камынышууда.

«Митингдер мыйзамдарды кабыл алууда да таасирин берет. Митинг – жол тосуу же бирөөнүн укугун бузуу эмес. Ал демократиянын бир рычагы. 23-апрелде «Ата Мекен» партиясы тынчтык митингине чыгат. Мэрден чочулабайбыз. Анын токтомун жокко чыгаруу боюнча тийиштүү тараптарга кайрылабыз. Мэрдин сунушун колдобойм» деп Алманбет Шыкмаматов «Марал» радиосуна өз пикирин билдирди.

Митинг, пикетке мораторий жарыялоого кандай пикирдесиз?

Азиза Абдрасулова, укук коргоочу:

– Убактылуу мораторий деген мэрдин демилгеси адам укуктарына, мыйзамдарга каршы келет. «Саясый партияларга уруксат бербейм. Башкаларга уруксат берем» деген дагы туура эмес. Дин өкүлдөрүнө, анан бир улуттун өкүлдөрүнө чек коюлушу мүмкүн. Бейөкмөт уюмдарга, анан журналисттерге чек коюп, эркиндиктен айрылабыз. Мыйзам баарына бирдей болушу керек. Азыркы демилге коркунучтуу, абдан кыжалат кыла турган демилге болуп жатат. Мэр бул оюнан баш тартышы керек.

Айбек Мырза, жарандык активист:

– Мен бул бийликтин чечимине каршымын. Баягы эле эски бийликтин ыкмалары. Экинчиден, бул Конституцияга каршы келет. Адамдардын митингге чогулуусуна бийлик тоскоолдук кылбаш керек. Мэрия гей парадга уруксат берип, анан эл чогулабыз дегенге каршы турганы абийир, аброй алып келбейт. Конституцияда так белгиленген, жазылган. Ар бир жаран пикетке чыгууга укуктуу. Мэриядан уруксат сурабай эле билдирүү берип коюулары гана керек. Алардын ар кандай убакка тууралаган чечимдерин, демилгелерин мыйзамдуу катары эсептебейм.

Динара Ошурахунова, жарандык активист:

– Мэрия ушинтип айта берет. Бул биринчи жолку эмес. Буга чейин башка мэрлер деле ушинтип эле өздөрүнүн акимиаттарын тыйбай, анан кээ бир жарандар митинг, пикет өткөрсө эле бут тосуп келишет. Мунун баары тең мыйзамга ылайык эмес. Биринчиден, Конституцияны бузуп жатышат. Конституцияда Кыргызстан демократиялык, укуктук мамлекет экендигибиз ачык жазылган. Адамдар эгерде тынч митинг өткөрүп жатышса, аларга да мыйзам кабыл алынган. «Жарандар тынч митингге чыгып, бийликке суроосун жолдосо болот» деген эркиндик берилген. Мэр митинг өткөрүүгө каршылыгын Конституцияны билбей айтып койду. Бул демилге ишке ашпашы керек. Бишкек шаардык кеңеши, мэрия чындап эле катуу талап койсо, бул Конституцияга каршы, эркиндикке каршы болуу дегендик. Бул демилгени колдогонго болбойт. Мэр айтып коюп, эми жарандык коомдордун пикирин угуп, ойлонуп жатса керек. Бишкек – борбор калаа. Борбор калаада баардык бийлик өкүлдөрү отурган үчүн эл өз үнүн угузганга аракеттенет жана угуза бермекчи.

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 87

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: