Menu

ЕККУ Өзбекстанды ММКларга бөгөт коюуну токтотууга үндөдү

Бөлүшүү:

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сөз эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Өзбекстан өкмөтүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын сайттарына бөгөт коюуну токтотууга чакырды.

ЕККУнун сайтында жарыяланган билдирүүдө “Фергана”, “Оздолик”, Eurasianet.org, AsiaTerra, Uzmetronom жана башка сайттар Өзбекстанда ачылбай жатканы мисал келтирилген.

Арлем Дезир онлайн-ММКларга өзгөчө учурларда гана бөгөт коюлушу керектигин белгилеген.

Билдирүүдө бөгөт чаралары 2018-жылы Интернетте экстремисттик, пропагандалык же жек көрүүчүлүк контент жараткан жалпыга маалымдоо каражаттарына тыюу салууга уруксат берген токтомдун жарык көрүшү менен башталганы айтылат.

Дезирдин айтымында, Өзбекстанда тыюу салынган ресурстардын тизмеси жана аларды бөгөттөөгө алып келген так критерийлер алигиче жарыялана элек

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: