Menu

Бабанов атын “Келдибай” деп өзгөртөбү?

Бөлүшүү:

Алгач коомго «ийгиликтүү» бизнесмен катары таанылып, андан соң саясатка аралашып жүргөн Өмүрбек Бабанов өзүнүн алсыздыгын, коркоктугун бүткүл жумурай журттун алдында тастыктап, элдин ишенимине биротоло суу септи. Мындай суу жүрөк, өзүнүн көлөкөсүнөн корккон пенде эл башына келип, мамлекетти жетектегенге эч кандай акысы жок. Эми муну таптакыр өлкөгө киргизбеш керек, келген кундө да саясатка жакындатпай, алыс жүргөнгө аргасыз кылуу ар бирибиздин милдетибиз. Бул өзү сөзүнө да турбаган неме турбайбы деп жерге түкүргөн эле киши. Болбосо саясаттан кеткенин билдирип, түйүнчөгүн түйгөндөн кийин эмнеге кайра башын тыкканга аракеттенет? Кыргыздар жигиттин сөзү өлгүчө өзү өлсүн деген, адам болгон соң айтканын аткарбайбы? Эмнеге элди дүрбөтүп чаң салат? Же шайлоо жакындаган сайын каалаганын жасай бергидей кыргыз журту Бабанов үчүн оюнчукпу? Баса, Бабановдун коркок экенин айрымдар бүгүн билип атса, саясатта такшалган Өмүрбек Текебаев 10 жыл мурун Бабановго таамай айтыптыр. Анда Чиркешович Бабанов менен «Азаттык» телеканалынын эфиринде олтуруп: «Менин адаш Өмүрбек иниме кеңеш берет элем, Александр Македонскийдин
аскерлеринин арасында Александр деген коркок кол башчысы болгон экен. Аны Македонский бир күнү чакырып алып, коркоктугуңду токтот же атыңды өзгөрт. Болбосо менин атыма терс пикирлер айтылып атат деген экен. Сен да Өмүрбек иним саясатта жүргөндөн кийин коркок болбо…» деп айтыптыр. Сөздү алыстан баштаган Өмүкө түз айтпаса дагы, атыңды өзгөрт деген теманы кыйыткан экен. Кайсы бир күнү аман-эсен Кыргызстанга келип алайын деген Бабанов атын «Келдибай» деп өзгөртүп алса болчудай…

Каныбек Кадыралиев

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: