Карапайым эл ичинде «Коопсуз шаардын» айып пулдарына нааразы болгондор көбөйө баштады. Өкмөттүн «чийки долбоору» акыр аягы көпчүлүктүн нааразычылыгын жаратып, көчөгө чыгарбайбы? Биз башынан эле бул боюнча коңгуроо кагып келгенбиз. Өкмөт башчы Абылгазиевдин кыйраткан иши жок, анан карапайым калкыбыздын жонунан кайыш тилген «долбоору» 10 миңдеген айып пулдарды моюнга иле берсе, аягы чатакка айланбайбы? Негизи эле көзөмөлдөө камералары биздин жолдорго шайкеш келеби? Машина тыгыны көчөлөрдүн тардыгынан жаралып атса, эл аралык стандартка шайкеш келбесе, айып пул салууну жеңилдетип, туура анализ жасасак болбойбу? Абылгазиев жардан ары ыргыбайбы минтип отурса, ыя?
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ