Өткөн жумада Энергохолдингдин жетекчиси Азамат Абдыкаров өкмөттүк жыйында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевден жаш баладай тил угуп, башын шылкыйтты. Бир ооз сөз сүйлөй албай жер карады. Уят да. Аксакал жашка келип, төрдө отурчу маалда трибунада жеме укканы урабы? Чын-чынына келгенде иш кылган жок да, курсагын сылап күн өткөрүп айлык алганына кубанып олтурат. Экинчи жагы, өкмөт жетекчиси бүгүн билген кишидей күпүлдөмүш эткени коошпой калды. Бир жылдан бери ыргылжың болгон аксакалды эл алдында кагып-силкпей, эс алыңыз деген таризде өз буйругу менен жолго салса болмок.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ