Тарых музейин оңдоо ишинде ЖЭБтен кем калышпаган жемкорлук орун алганы буга чейин кеңири айтылып, эмерек жана экспонаттар өтө кымбат баада сатылып алынганы жарыяланган. Маселен, жыгачтан жасалган 58 даана инсталляциянын ар бири 600 доллардан, аттын эки жыгач калыбы 14 миң евродон бааланганы билинген. Кийинчерээк тергөө органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголгон. Анын негизинде алты аткаминерге айып коюлганы билинди. Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Башкы прокурордун маалыматына караганда, бул иштен мамлекеттик бюджетке 247 млн. сомдук зыян келтирилген. Анын 101,6 млн. сому музейден, 145,9 млн. сому ат майданды оңдоодогу коррупциядан болгон.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ